Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Түндүк Кореяны Кытай ийге келтиреби?


Эки Кореянын деңиздеги талаштуу чек арасы буга чейин да алардын далай чатагына себепкер болгон.
Эки Кореянын деңиздеги талаштуу чек арасы буга чейин да алардын далай чатагына себепкер болгон.

Кытай эки корей өлкөсүнүн “кооптуу” тирешүүсүн басаңдатуу үчүн Түштүк Корея менен иштешүүгө макул болду. Бул тууралуу Сеулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыяланды. Учурда Сары деңизде АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгуусу өтүүдө. Түндүк Корея өз тарабынан машыгуу буга чейин кездешпеген кесепеттерге алып баруусу мүмкүн экенин эскерткен.

28-ноябрда Кытайдын чабарманы Дай Бингуону Сеулда Түштүк Корея президенти Ли Мен Бак кабыл алды. Кытайдын мамлекеттик "Синьхуа" кабар агенттиги жазгандай, Сеулдагы жолугушууда “терең жана ачык-айкын” сөз болду. Тараптар корей жарым аралындагы азыркы чыңалууну “кооптуу” деп эсептешерин белгилешип, алдыдагы диалог жана байланыштар үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүнү макулдашты.

Ал эми Түштүк Корея президентинин басма сөз катчысы Хонг Сонг Пё Кытай менен жекшемби күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин буларды белгиледи:

- Кытай тарап Түндүк Кореянын Йонпхендо аралына жасаган кол салуусунан адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу көңүл айтты. Ошондой эле кырдаалдын курчушуна жол бербей, эки Корея ортосундагы тынчтык үчүн Түштүк Корея менен чогуу иштешерин билдирди. Кытай Түштүк Корея менен стратегиялык байланыштары жана кызматташтык бекемделерине үмүттөнөт.

Түндүк жана Түштүк Кореянын азыркы тирешүүсү Түндүк Корея 24-ноябрда эл жашаган аралды артиллериядан аткылап, эки аскерди жана эки жөн-жай тургунду мерт кылгандан улам тутанды. Кытай Түндүк Кореянын жападан-жалгыз өнөктөшү жана Пхеньянга чоң таасири бар өлкө катары эсептелет.

Дүйнө талкуулоодо

Кытай тараптын билдиргенине караганда, алар Түндүк Кореянын парламент төрагасы Чхве Тхэ Бокту Бээжинге ушул апта ичи келип кетүүгө чакырып жатат. Бул тирешүү башталгандан бери Түндүк Кореянын жогорку даражалуу өкүлүнүн Кытайга алгач ирет барышы болот.

Эки корей өлкөсүнүн тирешүүсүн басаңдатуунун жолдорун 27-ноябрда Вашингтон менен Бээжин да өз ара талкуулап, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи телефондон сүйлөшкөн болчу.

Бул аралыкта 28-ноябрда АКШ менен Түштүк Корея Сары деңизде Түндүк Кореянын нааразылыгын жараткан машыгуусун баштады. Машыгууга АКШнын өзөктүк куралы бар жана учактарды алып жүрүүчү “Жорж Вашингтон” кемеси да тартылууда.

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат катчысы Ли Банг Ву машыгуунун максаты тууралуу мындай дейт:

- Машыгуунун максаты - биздин Түндүк Кореяга каршы туруштук берүү кубатыбызды чыңдоо, өз аймагыбыздагы коопсуздугубузду бекемдөө. Түштүк Корея менен АКШнын альянсынын чечкиндүүлүгүн көргөзүү үчүн эки тараптын кызматташтыгын жакшыртуу.

Мамилелерди курчуткан машыгуу

Түндүк Корея болсо өз тарабынан АКШ менен Түштүк Кореянын аскерий машыгуусун “кечирүүгө болбой турган чагым” катары атап, кокус чек арасы бузула турган болсо “ок жадырарын” эскерткен.

“Түндүк Кореянын туруму - каршылыкка каршылык, согушка согуш менен жооп берүү. Түндүк Кореянын эли жана армиясы марионеткалык топтун (Түштүк Кореядагы) чагымына катуу кыжырданууда. Эгер Түндүк Кореянын ар-намысына жана суверендүүлүгүнө кымындай эле кол салына турган болсо, алар окту жамгырдай жаадырып, душмандын таянычын жарууга толугу менен даяр” деп айтылган 26-ноябрдагы мамлекеттик сыналгыдан окулган билдирүүдө.

АКШ менен Түштүк Кореянын машыгуусу алдыдагы 1-декабрда аяктайт. Алар бул иш-чара Түндүк Корея Йонпхендо аралына жасаган чабуулга чейин эле мерчемделгенин билдиришкен. Пхеньян артиллериялык аткылоонун башталышы үчүн жооперчиликти Сеулга жүктөгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG