"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Калкынын бир бөлүгү акыркы төрт айдан бери президенттин кызматтан кетишин талап кылып жаткан Йеменде кырдаал курч бойдон калууда.
2025-жылга карата глобалдык экономикада америкалык доллар эл аралык валюта катары жалгыз үстөмдүк кылган доор аяктайт.
АКШ президенти бүгүн өз өлкөсүнүн Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы мындан аркы саясаты боюнча программалык сөз сүйлөйт.
Молдовада мусулмандардын алгачкы бейөкмөт уюмунун каттоого алынышы коомдо кызуу талаш-тартышты жаратты.
Казакстандын Актөбө шаарындагы жардыруудан жанкечтинин өзү өлүп, дагы эки киши жаракат алды.
АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Жон Керри Исламабадда Пакистан жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Ушул шаршембиде миңдеген италиялыктар Римден шашылыш чыгып кетишти. Ага бул күнү жер титирөө болоору тууралуу илгерки божомол себеп болгон.
Былтыркы улут аралык жаңжалдын бир жылдыгын утурлай “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ал калабанын сабактарына арналды.
Вашингтондо АКШ менен Кытайдын экономика, адам укуктары, тышкы саясаттын маселелери боюнча эки күнкү сүйлөшүүлөрү өтүүдө.
Азык-түлүктүн негизги түрлөрү ичинен дүйнөлүк базарда акыркы кездери кант баасы бир топ арзандады. Бирок бул көрүнүш Кыргызстанда али байкала элек.
Кымбатчылыктан улам Кыргызстан да азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасына мамлекеттик тескөө киргизүү идеясына алгачкы ирет кайтып олтурат.
Пакистан премьери парламенттеги кайрылуусунда бин Ладенди бекитүү үчүн Пакистан менен “ал-Кайида” кызматташкан деген ырастоолорду четке какты.
Орусия Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлүгүнө жыл соңуна чейин өтүүнү мүдө кылганы менен бул жараяндагы акыркы тоскоолдук - Грузия менен мунаса таба элек.
АКШ президенти “ал-Кайида” лидерине Пакистандын ичинде колдоо көргөзгөн кандайдыр бир топ болгон деп айтты.
Ливия боюнча Римде өткөн жыйындын катышуучулары Каддафиге каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга жардам берүү үчүн атайын кор түзүүнү макулдашты.
Он жылга жакын изделген “ал-Кайида” лидеринин жок кылынышы АКШ президентине кыйла эле саясий упай алып келчүдөй.
Европанын Адам укуктары боюнча соту Орусия мекенинде тыңчылык кылды деп айыпталган окумуштууга компенсация катары 20 миң евро төлөп бериши керек деп тапты. Орусиянын соту Игорь Сутягинди он беш жылга эркинен ажыраткан.
“Ал-Кайида” лидеринин жашынган жерин аныктоо боюнча чалгын маалыматтары кантип чогултулган жана аны жок кылуу операциясы кандайча ишке ашкан?
Журналисттерди коргоо комитети авторитардык режимдер сөз эркиндигин Интернетте да кысымга алып жатканын билдирди.
Мындан туура жыйырма беш жыл илгери Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында жарылуу болуп, ири өлчөмдөгү радиация тараган эле.
Дагы жүктөңүз