"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кандагар түрмөсүнөн Талибандын согушкерлери деп шектелгендер массалык качып кетүүсү акыркы үч жылда экинчи ирет орун алды.
АКШ Йемен президенти Али Абдалла Салехтин бийликти өткөрүп берүүгө макул болушун кубаттады.
Сирияда бийликке каршы нааразылык акцияларында акыркы эки күн ичинде эле ондогон демонстранттар мерт болду.
АКШ Ливияга учкучсуз башкаруудагы учактарын жөнөтөрүн жарыялоосунун артынан Ливияга америкалык сенатор барды.
Бажы биримдигинин Кыргызстан үчүн дурус жана буруш жактары, өлкө экономикасына таасири “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда сөз болду.
Апрель ыңкылабынын Борбор Азияга эпкини тийбегени менен парламенттик башкаруу системасы ийгилик таап кетсе, аймак үчүн үлгү боло алабы?
Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде болгондой окуялар жети айдан кийин Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүндө кайталанды.
Ливиянын тышкы иштер министри Британияга баш паанек издеп келди. Ливияда болсо козголоңчулар айрым турумдарын кайра алдырды.
АКШда Сенаттын комитетиндеги угууда америкалык мусулмандардын жарандык укуктары корголушу керек деген чакырыктар айтылды.
Сирия президенти Башар ал-Ассад шаршембиде парламентте сүйлөгөн кезинде кандайдыр бир чегинүүлөргө барары жөнүндө эч нерсе айтпады.
Кыргызстанда абактагылар ачкачылык жарыяласа, Казакстандын түрмөлөрүнүн биринде алар тобу менен өз денесине өздөрү зыян келтирген.
АКШ президенти Барак Обама сыналгы аркылуу кайрылуусунда Ливиядагы аскерий операциянын тууралыгын коргоду.
Быйылкы сезонго үмүт артып жаткан кыргызстандык туроператорлор менен туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр тармак учурда унутта калганын белгилешүүдө.
Компания Mina Corp, занимающаяся поставкой авиакеросина для центра транзитных перевозок «Манас», осудила озвученное в Москве заявление главы кыргызского правительства. Компания расценивает высказывания Алмазбека Атамбаева, как попытку незаконного захвата чужого бизнеса.
Ливиядагы аскерий операцияга ким жетекчилик жасашы керек деген маселе НАТОнун алкагында талкууланууда.
АКШ Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларына жетекчилик кылууну эми НАТОго өткөрүп бергени жатат.
АКШнын “Манастагы” транзиттик борборуна күйүүчү май ташыган Mina Corp премьер-министр А.Атамбаевдин Москвада жасаган билдирүүсүн айыптап чыкты.
“Мегаком” уюлдук операторунун айланасындагы окуялар Кыргызстандагы эң кирешелүү ишкананы мелжегендер көп экендигин дагы бир жолу далилдеди.
АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфелд расмий Вашингтондун 2005-жылкы Анжиян кыргынан кийин карманган туруму Өзбекстандын тескери багытта кетишине түрткү берди деп эсептейт. Америкалык ардагер саясатчы бул тууралуу атайы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Ал дал ушундай эле оюн өткөн айда жарык көргөн эскерүү китебинде да айткан болчу.
БУУнун Коопсуздук кеңешинде бүгүн Ливиянын аба мейкинин учууга болбой турган аймак деп жарыялоочу резолюция долбоору колго салынары күтүлүүдө.
Дагы жүктөңүз