Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Молдовада мусулмандардын туңгуч уюму катталды


Молдовада мусулмандардын алгачкы бейөкмөт уюмунун каттоого алынышы өлкөдөгү проваслав христиандардын жана коммунисттердин нааразылыгын жаратты. Либералдык өкмөттүн өлкөнү капыстан экиге бөлгөн бул чечими Молдовада сабырдуулуктун чеги канча экендигин сынап жаткандай.

Молдованын Ислам лигасы деп аталган бейөкмөт уюму өкмөт аларды расмий таанышын 2008-жылдан бери көздөп жүргөн. Алардын бул мүдөөсү өткөн айда ишке ашып, аталган бейөкмөт уюмду Молдованын Юстиция министрлиги расмий каттады.

Исмаил Абдел Вахаб Иорданияда туулуп, өскөн. Азыр Молдованын борбору Кишиневдо жашайт. Анын көз карашында, Молдованын Батышка ыктаган азыркы өкмөтүнүн жогорудагы кадамы - коом кубаттоого ала турган өзгөрүү:

- Биз ислам дининин ырым-жырымын катталганга чейин эле аткарып келгенбиз. Бирок муну мамлекеттин жактыруусуз жасаганыбыз үчүн өзүбүздү ыңгайсыз сезип жүрчүбүз. Азыр эми катталдык, намазды чогулуп, бирге окуп, майрамдарды эркин өткөрө алабыз. Эми сырттан кийлигишүүсүз эле өзүбүздү Молдова жараны катары бардык укуктарга ээдей сезип жатабыз.

Исмаил Абдел Вахаб “Азаттыкка” курган маегинде эми өз мечитине ээ болуу мусулман жамааты үчүн жакынкы келечектин болбосо да, алыскы келечектин маселеси экендигин кошумчалады.

Чиркөө каршы

Молдованын Православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү өкмөт чечимин кыжырдануу менен кабыл алгандай түр көрсөтүштү. Чиркөөнүн башчысы, метрополитан Владимир бул кадамды өлкөдөгү христиан көпчүлүгүн “кемсинтүү” катары мүнөздөсө, башка чиркөөлөрдүн өкүлдөрү мусулман уюму Молдова үчүн көйгөй жаратарын белгилешти.

Владимир Воронин
Коммунисттик партиянын лидери, мурдагы президент Владимир Воронин Молдова илгери Осмон империясынын бир бөлүгү болуп турган кезде мечиттердин курулушуна каршы чыккандыгын эске салып, бул турумду азыр да карманыш керектигин айтып чыкты.

- Бул уюмду, биздин динге каршы турган динди эң ыйык Пасха майрамынан эки апта мурда каттоого алуу маскарачылык. Мен муну мүнөздөгөнгө башка сөз таппай турам.

Молдовадагы Ислам лигасынын башчысы Сергей Сокирканын айтымында, коммунисттер менен чиркөөнүн жогорудагыдай реакциясы аларды кападар кылбай койгон жок.

Ал “Азаттыкка” курган маегинде молдовалык мусулмандар бир нече жыл бою куугунтук менен кемсинтүүнүн бутасы болуп келгенине токтолду:

- Биз жума намазга чогулган сайын милиция кызматкерлери маданий борборубуздун босогосунда турушат. Алар ким кирип, ким чыгып жатканын билгилери келишет. Биз эмне жазылганын билбеген кагаздарды толтуруп, атайын кызматка өткөрүшөт. Мага прокурорлор тарабынан "Молдовада тыюу салынган динди карманган" деген айып коюлган.

Кишиневдогу Православ теологиялык академиясынын профессору Питер Прутина чиркөө мусулман уюмунун катталышына эмне себептен каршы чыгып жатканынын жүйөсүн төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Биздин биринчи тынчсыздануу – ислам дининен кутулуунун жалгыз жолу өлүм экендигинде. Бул расмий эмес, бирок иш жүзүндө ислам дининен баш тарткандардын өмүрү кыйылат. Эгер бул аргумент жетишсиз болсо, бизде башкалар да бар.

Араб өлкөлөрүнүн жакшы ойлонулган максаты бар. Бул жашыруун, же болсо биз байоолугубуздан эле көңүл бурбай жүрөбүз. Молдовага мусулман студенттердин жөнөтүлүшү капыстан эле эмес. Алардын бул жердеги алгачкы кадамы - христиандарга үйлөнүү. Андан кийин аларды ислам динин кабыл алууга мажбурлашат.


Укук жана тандоо эркиндиги

Молдованын Ислам лигасын каттоодон өткөргөн мурдагы юстиция министри, азыр Конституциялык Соттун мүчөсү Александр Тэнасенин айтымында, мусулмандардын уюмун каттоодон өткөрбөгүдөй жүйө болгон эмес:

- Ислам секта эмес, бул - дүйнөнүн үч ири дининин бири. Дүйнөдө мусулмандардын укугун тааныбаган бир да өлкө жок. Биздин Конституциябыз дин эркиндигин бардыгы үчүн кепилдейт. Юстиция министрлигине катталуу үчүн кайрылган адамдар бардык укуктук талаптарды аткарышкан.

Сергей Сокирка
Мурдагы куугунтуктардан улам Молдовадагы мусулмандардын саны белгисиз болуп келген. Өлкөнүн 3,4 миллион калкы ичинде расмий катталган мусулмандар саны 2000дин тегерегинде деп айтылып жүрчү. Бирок Ислам лигасынын башчысы Сергей Сокирканын ырастоосунда, диндештеринин саны кеминде 17 миңге жакын:

- Менин жубайым жаңы паспорт алуу үчүн арыз бергенде, дин деген сабына мусулман деп жаздырууну каалаган, бирок ага чейин эле христиан деп жазып коюшуптур. Мен милиция кызматкерлерине биз мусулманбыз десек этибарга алышпады. Алар мусулман деп жаза алышпасын, баарын христиан деп гана каттай алышарын айтышкан.

Шайлоого даярдык

Молдованын саясий майданында акыркы жылдары эскичил коммунисттер менен либерал жана батышчыл маанайдагы партиялардын коалициясы ортосунда талаш-тартыш жүрүп келүүдө.

2009-жылдан бери шайлоо артынан шайлоо өткөнүнө карабай, бул эки саясий күчтүн парламенттеги салмагы бирдей. Ушундан улам алар президентти шайлай албай келишүүдө.

Келерки айда болсо Молдовада жергиликтүү шайлоонун чечүүчү айлампасы өтөт. Анын утурлай коммунисттер өз колдоочуларын көбөйтүү аракетинде мусулман бейөкмөт уюмдун катталышы өңдүү маселени утур-утур көтөрүп, саясий упай топтоодо.

Бийликтеги либерал партиялардын коалициясы дискриминацияга каршы Батыш өлкөлөрүнүкүнө үндөш мыйзам кабыл алууга да аракеттенген, бирок коммунисттердин каршылыгынан бул мыйзамдын келечеги да туңгуюкка кептелип турат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG