"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстанда президент болгусу келгендердин саны күндөн күнгө өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 30 талапкерден арыз түштү. Быйылкы президенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу “Арай көз чарай” талкуусунда сөз болду.
Эгемендиктин 20 жылдык мааракесине тушташ Бишкекте Манас баатырдын жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылары күтүлүүдө. Бирок коомчулуктун бул маданий долбоорлор шашылыш ишке ашырылып жатат деп эсептеген өкүлдөрү азыркы бийликтин аракетин сынга алышууда.
1-июлдан тарта Беларус, Казакстан, Орусия ортосунда бажы көзөмөлү жоюлуп, текшерүүлөрдүн баары Бажы биримдигинин тышкы чек араларына чыгарылат.
Орусияда оппозициянын кыскача ПАРНАС деген ат менен белгилүү партиясын каттоодон баш тартышты.
Түштүк Кореянын дипломаты Пан Ги Мун БУУнун башкатчылыгына дагы бир беш жылдык мөөнөткө шайланды.
Калктын бир бөлүгү бийликтен кетишин талап кылып жаткан Сирия президенти 20-июндагы кайрылуусунда реформаларды убада кылды.
Талиптик кыймылдын кээ бир мүчөлөрүнүн кара тизмеден чыгарылышы Кабулдун байистүү талиптер менен элдешүү аракетине огожо болот деп күтүлүүдө.
Пакистанда АКШ чалгын кызматына маалымат бергендердин кармалышы эки өлкөнүн чалгын мекемелери ортосундагы ажырым кеңейгенин көргөзүп тургансыйт.
Акыркы жыйырма жылда эки ирет кайталанган калабанын Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн башкы сабактары кайсылар?
Кытай президенти Ху Цзиньтаонун Казакстанга жасаган сапары учурунда эки өлкө алакасы жаңы келишимдер менен толукталды.
Түркияда бийликтеги “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы парламенттик шайлоодо үчүнчү ирет жеңишке жетишти.
9-июнда Казакстанда парламенттин жогорку палатасы – Сенат өлкөнүн Ооганстандагы эл аралык коалицияга катышуусу боюнча НАТО менен түзүлгөн келишимди ратификациялоодон баш тартты.
8-июнда Европанын жана Борбор Азия экономикалык форуму ачылат. Мунай-газы жок Кыргызстандын Европадан түз инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү канчалык?
Түркияда ушул айда парламенттик шайлоо өтөт. Сурамжылоолор Режеп Тайып Эрдогандын АК партиясы бийлигин үчүнчү мөөнөткө сактап каларын көрсөтүүдө.
Кытай Google компаниясындагы электрондук даректерге тыңчылык кылууну көздөгөн хакердик чабуулга тиешеси бар деген маалыматтарды төгүндөдү.
Каржылык кризисти баштан кечирип жаткан Беларус карыз сурап Эл аралык валюта коруна кайрылды.
“Арай көз чарайдын” кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы коррупция жана коалициялык өкмөттүн өлкөнү чырмаган бул илдетке каршы күрөшүү боюнча жаңы демилгеси талкууга алынды.
Кыргызстанда жакырчылык боюнча расмий эсеп бар, бирок орто таптын бары-жогу, болсо калктын канча бөлүгүн түзөрү белгисиз.
Кытай өлкөнүн Ички Монголия автоном районунда бир аптадан бери орун алып жаткан нааразылык акцияларын алгачкы ирет комментарийледи.
Кытай бийликтери өлкөнүн түндүгүндөгү Ички Монголия автономдуу районунда коопсуздук чараларын күчөттү.
Дагы жүктөңүз