Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Кытай өкмөтү Ички Монголия боюнча үн катты


Кытайдын борбордук өкмөтү өлкөнүн Ички Монголия автоном районунда бир аптадан бери орун алып жаткан нааразылык акцияларын алгачкы ирет комментарийледи.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү ырастагандай, өкмөт аларга мыйзамга ылайык мамиле кылат жана нааразылыкка чыккандардын “жүйөлүү талаптарына” жооп берет. Аталган аймакта ушул айдын орто ченинде эки монголдун мерт болушу өткөн аптадагы нааразылык акцияларынын тутанышына түрткү берген.

Ички Монголияда бир аптага созулган нааразылык акцияларын борбордук өкмөттөн алгачкы ирет Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Цзян Юй Бээжинде шейшемби күнкү басма сөз жыйында комментарийледи. Анын айтымында, өкмөт бардык топтордун кызыкчылыгы корголгудай зарыл чараларды көрөт, бирок коомдук тартипти бузгандарга каршы да чара колдонот.

“Мен түшүнгөндөн жергиликтүү өкмөт бул инцидентке чоң көңүл бурууда жана аны мыйзамдын талабына ылайык жөнгө салат. Жергиликтүү өкмөт ошондой эле адамдардын жүйөлүү талаптарына оң жооп берет”,- деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.

Цзян Юй ошондой эле Бээжиндеги басма сөз жыйында тышкы кутумчулардын Ички Монголияда башаламандыкты жайылтуу мүдөөсү оңунан чыкпай калганын кошумчалап, “тыштан айрым адамдар бул маселеге көңүл бурууга аракеттенүүдө, менимче алардын аракети оңунан чыкпайт”,- деп белгиледи. Бирок Цзян Юй тышкы кутумчулар кимдер экендигин ачыктаган жок.

Жогорудагы сөздөр Кытайдын борбордук өкмөтүнүн Ички Монголия автоном районунда акыркы жыйырма жылда орун алган ири демонстрацияларга карата алгачкы түз жообу болду.

Эки монголдун өлүмү, үч кытайдын камалышы

Наарзылык акциялары Кытайдын түндүгүндөгү бул аймактын айланасын жайыт жерлер курчаган шаарлары менен шаарчаларында, же жергиликтүү тил менен айтканда хошундарда май айынын ортосунда кытайлар менен кагылыштан эки монгол каза тапкандан кийин тутанган.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин Бээжиндеги кабарчылары жазгандай, демонстранттар монгол маданиятын жана алардын мал жайууга ык алган жашоо образын коргоо чакырыктары менен чыгышкан.

Акыркы жыйырма жылдагы эң ири деп эсептелген нааразылык акцияларынын тутанышына түрткү берген монголдордун бири көмүр казган кытайлык компаниянын унаасы сүзүп кетип мерт болгон. Бул окуя Шилингол деп аталган аймакта 10-май күнү түнгө жакын орун алган. Анда монгол малчылары көмүр ташыган унаалар жайыттарды тебелеп жатканына нааразы болуп, жолду торошкон.

Мунун артынан 14-май күнү көмүр кени айлана-тегеректи булгаганына нааразы болгон монголдордун тобу кенге барганда кытай кенчилеринин бири алардын бирин жүк көтөргүч менен бастырып салган. Бийликтер бул эки окуяга байланыштуу үч кытай камакка алынганын жана алардын иши сотто караларын билдирүүдө.

Үзүлгөн интернет байланыш

Кытай бийликтери демонстрацияларга коопсуздук чараларын күчөтүү, көчөлөрдү полицияга толтуруу, интернет байланышын үзүгүлтүккө учуратуу, студенттерди окуган жерлеринен чыртка чыгарбоо аркылуу жооп берди.

Кытайдагы монголдордун укугун коргоону көздөгөн уюм – Түштүк Монголиядагы адам укуктарынын маалымат борборунун директору Энхбат Тогочоктун 30-майда кечинде “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр аймак менен байланышуунун жалгыз аргасы – телефон болуп жатат:

- Социалдык маалымат каражаттары өчүрүлгөнгө чейин биз аймактагылар менен интернеттен чат, блог, электрондук почта аркылуу байланышып келгенбиз. Бирок ушу тапта бул дээрлик мүмкүн эмес болуп калды, кытай өкмөтү баарын өчүрдү. Азыр телефон гана аймактагы адамдарыбыз менен байланышуунун жалгыз жолу.

Интернет өчүрүлгөн эмес, бирок абдан жай иштөөдө. Анткен менен маалымат таратууда абдан маанилүү роль ойногон интернет чаттар, блогдор жайгаштырылган жана кабар таратуучу сайттар баары жабылган, аларды ачуу дээрлик мүмкүн эмес.


Энхбат Тогочок директорлук кылган Түштүк Монголиядагы адам укуктарынын маалымат борбору Кытайдын Ички Монголия автоном районундагы соңку окуялар тууралуу эл аралык коомчулукка кабарлап келди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм тараткан, бирок башка булактар ырастабаган маалыматтарга караганда, кытай бийликтери Ички Монголиянын ири шаарларында өзгөчө абал тартибин киргизип, полиция менен кошо аскерлер да жайгаштырылган.

Ички Монголиянын борбору Хук-Хото шаарында жүздөгөн монголдор укуктары урматталышын жана камактагылар бошотулушун талап кылып ушул дүйгөмбү күнү да көчөгө чыгышкан, бирок кайра полиция тарабынан бир сааттын аралыгында таратылган.

Шаардагы жогорку окуу жайлардын баары катуу кайтарууга алынып, Хук –Хотонун борбордук Чыңгыз хан аянты полициянын курчоосунда турган. “Ассошейтед пресстин” Бээжиндеги кабарчылары маалымдагандай, аталган шаардан шейшемби күнү кандайдыр бир демонстрациялар болгону жөнүндө маалымат түшкөн жок.

Анткен менен Ички Монголиядагы демонстрациялардын жаңырыгы коңшу Монголияга да жеткендей. Шейшемби күнү "Рейтер" агенттигинин кабарлаганына караганда, Улан Батор шаарында Кытайдагы улутташтарына колдоо көрсөтүп, элүүдөй демонстрант жыйналган. Алардын айрымдары куугунтукту токтотууга жана койчуну өлтүргөндөрдү жоопко тартууга чакырган ураандарды көтөрүп турушкан.

Күчөгөн көмүр өндүрүшү, тарыган жайыт

Негизи Кытайдын Тибет же Шинжаң уйгур автоном райондоруна салыштырмалуу нааразылык акциялары Ички Монголия үчүн сейрек кездешүүчү көрүнүш. Кытайлардын акыркы ондогон жылдар ичиндеги миграциясынын натыйжасында монголдор азыр аймактын 24 миллион келген калкынын көп дегенде 20%дайын эле түзөт.

Ички Монголия ушу тапта Кытай үчүн көмүрдүн башкы булагы катары эсептелинет. Акыркы беш жылда өлкөдө көмүр казуу үч эсе көбөйүп, өкмөттүн статистикасына караганда былтыр өндүрүштүн көлөмү 782 миллион тоннага жеткен. Андыктан аймакта шахтылардын көбөйүшүнүн жайыттардын тарышына алып барышы жергиликтүү монголдорду камтамага салып жаткандай.

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Ички Монголиядагы нааразылык акцияларына тикелей кайрылышкан жок. Бирок Компартиянын расмий басылмасы - People’s Daily гезити шейшемби күнкү санында өкмөт малчыларды жана монгол маданиятын колдоп жатканына басым жасаган макала жарыялады. Анда жайыттарды сактоо үчүн малчылардын мал бакпай туруусуна компенсация катары жылына 13 миллиард юан же 2 миллиард доллар төлөнүп тургандыгы айтылат.

Сүрөттөр http://www.smhric.org сайтынан алынды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG