"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Иранда камалган америкалык эки жаран абактан бошотулчудай. Бул жаңылык 13-сентябрда белгилүү болду.
Ливияда утурумдук өкмөттүн башчысы Мустафа Абдул Жалил Ливияда байистүү ислам бийлиги өкүм сүрөрүн убада кылды.
Кыргызстанда микрокаржы уюмдарынан насыя алгандардын саны өсүүдө. Мындан улам элдин колундагы насыя акчанын да көлөмү көбөйүп жатат. Бул көрүнүштүн экономикалык негиздери барбы?
Украина Орусияны талаштуу газ келишими боюнча Эл аралык сотко берерин билдирүүдө. Янукович бийликке келгенден кийин оңоло түшкөн мамилелер кайра бузулгандай.
Ливиядан коңшу Нигер өлкөсүнүн аймагына брондолгон унаалардын чоң тобу киргени маалым болду.
Мындай чечим былтыркы окуя боюнча БУУнун баяндамасынан соң жарыялады. Израилдин Палестинадагы Газа тилкесин деңизден блокадалоосу чыр жаратууда.
Казакстанда Семей полигону расмий жабылганына кечээ туура жыйырма жыл толду. Ага чейин өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кең талаада Советтер союзу 40 жыл бою дүйнөдөгү өзөктүк сыноолордун чейрегин өткөргөн эле. Анын кесепетин жергиликтүү тургундар бүгүнкү күнгө чейин тартып келүүдө.
Ливияда козголоңчулар өзүлөрүнүн саясий базасын чыгыштагы Бенгази шаарынан али уруш токтой элек борбор Триполиге которууда.
Ливияда оппозициянын Улуттук өткөөл кеңеши качып жүргөн, бирок бийликтен кулаганын моюнга албай жаткан Каддафинин башы үчүн сыйлык жарыялады.
Ливиянын качып жүргөн, бирок бийликтен кулаганын моюнга албай жаткан лидери кайрадан үн катты. Триполиде атышуулар дале уланууда.
Беларуста өлкө быйыл кабылган экономикалык кризис басаңдаганынын белгилери байкалбайт. Экономисттер кышты утурлай азык-түлүктүн, отун-суунун, башка эл керектөөчү товарлардын баасы дагы кымбаттаарын белгилеп жатышат. Экономикалык каатчылык Беларусту саясий өзгөрүүлөргө алып барбайбы?
Ливияда азыр борбор Триполиде үстөмдүк кылып жаткан козголоңчулардын бийлиги биротоло орноп, Муаммар Каддафи оппозиция жана Батыш өлкөлөрү жарыялагандай "доору бүткөнүн" моюнга алса, араб дүйнөсүнүн үчүнчү лидери элдик толкундоонун жана кан төгүүнүн натыйжасында бийликтен кеткен болот.
Ливияда баштапкы максат орундалганы менен эми оппозициянын биримдиги канчалык, бийлик өкүлчүлүктүү өкмөттүн колуна тартип менен өтө алабы деген суроолор чыгууда.
Ливияда оппозиция лидери Каддафинин "доору аяктаганын" жарыялады. Козголоңчулар азыр борбор Триполинин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөөдө.
Тажикстандын Рогун ГЭСин экспертизадан өткөрүп жаткан Дүйнөлүк банк тажик өкмөтүнө ГЭСтин курулушунун алгачкы этабын баштабай турууну сунуштады.
Украинада мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун соту уланып, ага мурдагы президент Ющенко да келип, Тимошенкого каршы көрсөтмө берди.
Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухаммедов көп кабаттуу үйлөрдөн сателлит табактарын алууну буйруду. Түркмөн лидери мунун себебин алар шаардын көркүн бузуп жатканы менен түшүндүрдү.
Сириянын өкмөттүк күчтөрү аткылоону улантып жаткан Латакия шаарынан палестиналык качкындардын 5 миңдейи кетүүгө аргасыз болду.
Ливияда Каддафинин бийлигин кулатууга күрөшүп жаткан согушкерлер стратегиялык маанилүү борбор Триполиге жол ачуучу эки шаарга киришти.
Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгын белгилөө алдында турат. Артта калган 20 жылда эгемендиктин экономикалык негиздери түптөлдүбү? Түптөлбөсө себептери кандай?
Дагы жүктөңүз