Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Ливиянын жаңы бийлиги байистүү исламды убада кылды


Мусатфа Абдул Жалил Триполинин борбордук аянтында сүйлөөдө.
Мусатфа Абдул Жалил Триполинин борбордук аянтында сүйлөөдө.

Ливияда утурумдук өкмөттүн башчысы эл алдына алгач ирет чыгып сүйлөдү. Мустафа Абдул Жалил Ливияда байистүү ислам бийлиги өкүм сүрөрүн убада кылды.

Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин төрагасы Мустафа Абдел Жалил ливиялыктарга өлкөдө байистүү ислам бийлиги өкүм сүрөрүн Триполинин мурдагы режим тушунда Жашыл, ал эми Каддафи кулагандан кийин “Азапкер” деген ат берилген борбордук аянтында чогулгандар алдында сүйлөгөн кезинде убада кылды.

Мустафа Жалилдин ырастоосунда, Ливиянын жаңы бийлиги кандай болбосун экстремисттик идеологияны кабыл албайт:

- Биз байистүү ислам өкүм сүргөн мусулман мамлекетибиз. Биз муну сактайбыз. Силер биз менен болосуңар жана бизди колдойсуңар. Силер ыңкылапты оңдон да, солдон да келип уурдагысы келгендерге каршы биздин куралыбызсыңар.

Утурумдук бийликтин башчысы миңдеген адам астында сүйлөгөн учурунда кошумчалагандай, байистүү ислам мындан ары Ливиянын мыйзамдарынын башкы булагы болот:

- Азыркы кырдаалда, азыркы шартта, Ливия жана ливиялыктар тирандардын чеңгээлинен ар-намыс менен чыгып, ливиялыктардын аракети жана каармандыгы урматталып жатканда бул жерде сүйлөө ар бир адам үчүн сыймык.

Бул аралыкта качып жүргөн жана кайда экени белгисиз, бирок жеңишке чейин күрөшүүнү убада кылган Каддафинин күчтөрүнүн калдыктары ушул дүйшөмбүдө өлкө чыгышындагы Рас Лануф шаарында, мурдагы лидердин кичи мекени Сирт шаарына бара жаткан жолдо жана Триполиден 180 чакырым алыстыкта жайгашкан Бани Валид шаарында кол салууларды жасашты.

Улуттук өткөөл кеңештин аскерлери Ливиянын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп жатканы менен каддафичил күчтөр жана уруулардын согушкерлери Сирт, Бани Валид жана түштүктөгү Сабха шаарларын акыркы таяныч бекеттери катары пайдаланышууда.

Ливияга коңшу Нигердин өкмөтү алардын аймагына Каддафи кланынын кеминде 32 мүчөсү өткөнүн, арасында анын бир уулу, армиянын жогорку даражалуу генералдары бардыгын ырастады.

Улуттук Өткөөл кеңештин айтымында, Ливиянын борбордук банкынын эсебинен Нигерге ири көлөмдө алтын кору жана накталай акча да чыгарылып кеткен. Бул өз кезегинде Каддафиге согушкерлерине каражат төлөөнү улантуусуна мүмкүндүк берет.

Улуттук өткөөл кеңеш төрагасы Мустафа Жалил Кадддафиге каршы күрөшүп жаткандарды өч албоого да чакырды:

- Биз биримдикке муктажбыз. Жек көрүүчүлүктөн жана коркунучтан арылуубуз керек. Өч алуу жана адилетсиздик болбошу абзел.

Адегенде адам укуктары

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан эл аралык "Мунапыс" уюму 13-сентябрда жарыяланган баяндамасында Каддафи режимин адамзатка каршы кеңири масштабда кылмыш жасаганы үчүн айыптады. Бирок ага катар баяндамада Каддафиге каршы согушкандар да аскерий кылмыш жасоосу мүмкүндүгү белгиленет. Эл аралык "Мунапыс" уюмунун баяндамасында негизинен Каддафи режими жасаган кылмыштар документтештирилген.

Ал эми Каддафиге каршы күчтөр боюнча баяндамада алар козголоңдун алгачкы күндөрүндө мурдагы лидерге жан тарткандардан жана жалданма согушкерлерден колго түшкөндөрдү атып таштаган же өлгөнчө сабаган учурлар бардыгы, кеминде үч адамды дарга асышканы айтылган.

"Мунапыс" өз баяндамасында Улуттук Өткөөл кеңештин алдында жеңил эмес милдеттер турганы белгилейт. Анткени адам укугун олуттуу бузгандарды, балким аскерий кылмыштарга баргандарды жоопко тартуу керек. Уюмдун баамында, азырынча Утурумдук өкмөт буга дилгирлигин көрсөтө элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG