"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШ Мамлекеттик департаменти наркозаттарды көзөмөлдөө стратегиясы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда ооган апийиминин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу ташылган үлүшүнүн аз гана бөлүгү кармалары көрсөтүлөт.
АКШ президенти Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы талашты чечүүдө дипломатиялык ыкмалар жарамдуу деп эсептейт. Барак Обама бул тууралуу Ирандын өзөктүк жайларына аскерий сокку урууга даярданып жатышы мүмкүн делген Израилдин премьер-министри менен Вашингтондо жолуккандан кийин айтты. Бул аралыкта Иран талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуш кылды.
Орусиядагы президенттик шайлоодо добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар айтылууда.
Орусияда Владимир Путиндин Кремлге кайтып келүүсү күтүлгөн президенттик шайлоо өтүп жатат.
Түндүк Кореянын уран байытууну, узак аралыкка учуучу ракеталарын жана өзөктүк сыноону токтотору жөнүндөгү жарыясы этияттык менен кабыл алынууда.
Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналы бүгүн Владимир Путиндин өмүрүнө кол салуу боюнча кутумдун бети ачылганын жарыялады.
Сирияда бүгүн кечээги жалпы элдик референдумдун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болот. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өлкөдө кан төгүү менен коштолгон тополоңдор уланып жатканына карабай өткөрүлдү. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22ге чейин созулду. Добуш берүү убактысынын үч саатка узартылышын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги калктын активдүү катышып жатканына байланыштуу деп түшүндүрдү. Сирия оппозициясы болсо бул саясий өнөктүктү фарс деп атады.
Өзбекстандык таанымал диниятчы Швецияда ок жеди. Белгисиз бирөөлөрдөн ок жеген Абыд кары Назаров оор жаракат алып ооруканага түштү.
Азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшү тууралуу “Азаттык” менен көз карандысыз эксперт, юстиция генералы Кубат Кожаналиев ой бөлүштү.
Орусия Кошмо Штаттардын Борбор Азияда наркосоодага каршы күрөшүү боюнча жаңы планына каршы чыкты. Маалыматтарга караганда, Москва аймактын беш өлкөсүн да америкалык долбоорду колдобоого ынандыра алгандай. Талдоочулар мунун Орусиянын Борбор Азияда АКШнын таасири артуусунан сактануусу катары баалоодо.
МАГАТЭ тобунун сапары Ирандын өзөктүк программасы боюнча карама-каршылык күчөп турган учурга туш келүүдө.
“Азаттыктын” апталык “Өңүт” программасы грек кризисинин табиятын талдайт.
Өзбекстандын Швециядан депортацияланган бир нече жараны мекенине келер замат камакка алынган. Бул тууралуу камалгандардын тааныштары билдирүүдө.
Вашингтондо АКШ менен Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өттү. Азыр АКШда Кытайдын болочок президенти Си Цзинпин жүрөт.
Орусия менен Украинанын утур-утур кайталанып келген соода талашы эми сыр менен толукталды. Коңшусунда өндүрүлгөн сырдын сапаты ойдогудай эместигин жүйө тарткан Орусия өткөн аптадан тарта украиналык продукциянын импортуна тыюу салган. Орусиянын кадамын саясий ишара катары кабыл алган украин тарап бул тыюунун алгачкы таасирлерин сезе баштады.
Түркмөнстан президенттик шайлоонун алдында турат. Өзбекстанда улут аралык жаңжалга бөгөт коюлду.
Сургут шаарындагы мушташтан мерт болгон эки кыргызстандыктын сөөгү мекенине шаршембиде жөнөтүлөт.
АКШ аскерий стратегиясын жаңылоодо. Ага ылайык, өлкөнүн кургактагы аскерлеринин саны азаят.
АКШдагы Йел университетинин дүйнө өлкөлөрүндө экологияны коргоо боюнча иликтөөсүндө Кыргызстан коңшуларынан алдыда.
Дагы жүктөңүз