"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Жаңы-Өзөндөгү трагедиянын 40 күндүгүнө тушташ Казакстандын башкы прокуратурасы тергөөнүн айрым жыйынтыктарын жарыялады.
Мындай тыянак Эл аралык Эмгек уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Жакшыраак төлөнгөн иш орундарын жаратуу Кыргызстан үчүн да учурдун маселеси.
АКШ президенти Барак Обама өлкөдөгү абал боюнча жылдык кайрылуусунда кирешеси көптөр менен аздардын салык төлөмдөрүндөгү теңсиздикти сынга алды.
Казакстанда оппозициячыл саясатчылардын, жарандык активисттердин үйлөрү тинтүүгө алынды. Каттала албаган саясий партия менен оппозициячыл гезиттин редакциясы да тинтилди. Окуя өлкөдөгү мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаедин партиясы кайрадан жеңишке жетишип, жаңы парламент куралып, ишке киришкенден кийин болуп олтурат.
Евробиримдик Иранга каршы мунай эмбаргосун макулдашты. Европанын жогорудагы кадамын эми Азиянын дөө-шаалары колдойбу?
АКШда Конгресстин айрым мүчөлөрү интернетти көзөмөлдөө боюнча талаштуу мыйзамды колдоодон баш тартышты.
Банктар союзу Жарандык кодекске жана “Күрөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жактырылса, жалгыз үйлүү кардарларга банктар такыр эле насыя бербей каларын эскертүүдө.
“Википедия” өзүнүн англис тилиндеги сайтын 24 саатка жапты. Муну менен ал АКШда сунуш кылынган мыйзамга каршылык билдирүүдө.
Казак оппозициясы шейшемби күнү Алматы шаарында нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Азат" жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын теңтөрагасы Болот Абилов билдирди. Жекшембидеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган бул партия - шайлоо бурмаланды деп эсептейт.
Мажилиске бийликчил партиялар кирет. ЕККУнун байкоочулары Казакстандын парламенттик шайлоосун демократиялык эмес деп мүнөздөдү.
Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Түркмөнстанда “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Тажик оппозиция лидерин бычактап кетишти.
“Heritage” кору жана “Wall Street Journal” басылмасы дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин быйылкы индексинде Кыргызстанды беш баскычка ылдый түшүрдү.
Тегерандагы жардыруудан Ирандын дагы бир физик-илимпозу мерт болду. Бийлик окумуштуунун өлүмү өзөктүк программаны алдыга жылдырарын билдирүүдө.
Укук коргоочулар сынга алган, АКШ өкмөтү жаба албай жаткан түрмөнүн келечеги азырынча бүдөмүк болуп турат.
Казак президенти өзү өзгөчө абал киргизген Жаңы-Өзөндө шайлоо өтүшүн жактап чыкты. Бирок бул мыйзамга каршы экендиги айтылууда.
2011-жыл Эгемендигинин 20 жылдык мааракелерин белгилеген Борбор Азия өлкөлөрүндө биринин ити чөп жесе, экинчилеринин бедели түштү. Аймактын өлкөлөрүндө байкалган негизги окуялар, тенденциялар кайсылар?
Экономикада 2012 - жылдагы өсүш ички саясий туруктуулукка эле эмес, глобалдык экономикадагы кырдаалга көз каранды болуп турат.
Израилде армян кыргынын геноцид катары таануу талкууланды. Бул Израил-Түркия мамилеси чыңалып турган учурга туш келүүдө.
Аяктап бара жаткан 2011-жылдагы козголоңдордон кийин араб дүйнөсү тогуз жолдун тоомунда турат.
Орусияда “Таза шайлоо үчүн” деген жалпы ураан астында нааразылык митингдер өттү. Москвада он миңдеген киши чыкты.
Дагы жүктөңүз