"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Азиядагы таасир үчүн атаандашкан АКШ менен Кытай Барак Обаманын Бээжиндеги сапары учурунда эки өлкөнүн жарандарынын алака-катышын жана бизнести женилдете турган макулдашууга жетишкени жарыяланды.
Улуттар уюму дүйнөдөгү жарандыгы жоктор көйгөйүн он жылда чечүүнү максат кылган өнөктүк жарыялады.
Европада, асыресе Германияда Берлин дубалы кулаганынын 25 жылдык мааракеси белгиленүүдө.
Дүйнөлүк банк Азия мамлекеттерин эбола илдетине каршы күрөштө салымын көбөйтүүгө чакырды.
АКШда бүгүн Конгресске өткөөл шайлоо болот. Анын натыйжасында оппозициядагы Республикалык партия Сенатты да көзөмөлгө алышы ыктымал.
Швеция Батыш Европанын чоң өлкөлөрү арасынан мындай саясий кадамга барган алгачкысы болду.
Украина бийликтери Орусиянын өлкө чыгышындагы жикчилдер уюштуруп жаткан шайлоону колдогонун “деструктивдүү жана чагымчыл иш" катары баалады.
Жакында Кыргызстанда да, Тажикстанда да күч кызматтары ири көлөмдө маңзат жана анын ташыгандардын тобу кармалганын жарыялашты.
Бүгүн Кытайда ооган президенти Ашраф Ганинин үч күндүк сапары башталууда.
Украин президенти Петро Порошенко өкмөттүк күчтөр Орусия менен чек арага көзөмөлдү орнотмоюнча, Донбасс аймагында тынчтык болушу мүмкүн эместигин айтып чыкты.
“Ислам мамлекети” тобунун коркунучу, Украина кризиси, эбола вирусу, эл аралык маселелерди чечүүгө өнүгүп келе жаткан дүйнөнү аралаштыруу БУУ трибунасында козголгон негизги темалардан болду.
Гүлнара Каримованын бийлик, бизнес жана маданий олимптен кулашы президент Ислам Каримов кызына каршы чара көрүүгө аргасыз болгонун ачыкка чыгарды.
Улуттар уюмунда климаттын өзгөрүшү боюнча саммит өтүп жатат. 120дан ашуун мамлекет чогулган жыйындын максаты – булганыч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартуу боюнча глобалдык жаңы макулдашууга жетишүү.
Бирок мындай кырдаал жана түркиялык 46 жарандын барымтадан бошотулушу деле Анкаранын “Ислам мамлекети” тобуна каршы сокку уруу аракеттерине батыл кошулуусун шарттачудай эмес.
Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла шайлоо талашын чечкени менен атаандаш эки саясатчы жана алардын командаларынын бирге иштешип кетүүсү боюнча күмөн саноолор сакталууда.
Байкоочулар миллиардер Владимир Евтушенковдун үй камагына алынышын мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин кылмыш ишине салыштырып жатышат.
Валюта базарындагы кечээги соодада рубль төмөндөөнүн жаңы тарыхый чегине түшүп, бир доллар алгачкы ирет 38 рублдан ашып кетти. Рублдин нарксыздануусу Орусия Батыштын украин кризисинен улам киргизген санкцияларынын таасирин даана сезе баштаган учурга туш келүүдө.
Парижде отуздай өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйында согушкерлердин “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүсү үчүн Иракка “талаптагыдай аскерий жардам” убада кылынды.
АКШда бүгүн президент Барак Обама Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы күрөшүү стратегиясын жарыялары күтүлүүдө.
Нидерландиянын Коопсуздук кеңеши кечээ жарыяланган баштапкы отчетто учак тышкы соккудан улам кыйраганы көрсөтүлгөн. Бирок ага кандайдыр бир ракета тийгени жөнүндө айтылган эмес.
Дагы жүктөңүз