"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Талдоочулар өзгөчө суннит азчылыгынын ишенимин алуу Ирактын жаңы бийликтери үчүн чоң сыноо болорун айтып жатышат.
Пакистанда өкмөткө каршы көчө жүрүштөрүнөн улам жаралган саясий кризис курч бойдон турат.
Орус президенти Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шартын атагандай болду.
Орус президенти Путиндин чакырыгынан кийин Украинанын чыгышындагы жикчилдер алардын курчоосунда калган калган украин аскерлерине “коридорду” шарт менен берүүгө макул болушту.
Украин президенти Порошенко Украинага орус аскерлери киргизилгенин жарыялады. Мунун алдында расмий Киев чек арадагы Новоазовск шаарчасы орусиялык аскерлердин колуна өткөнүн ырастаган.
Түркияда бүгүн Режеп Тайып Эрдоган эл тарабынан шайланган алгачкы президент катары ант берип, кызматына расмий киришкени жатат.
Минскте өтүп жаткан Евробиримдик –Украина –Евразия саммитинин алкагында Путин менен Порошенко жолугушуусу мүмкүн.
Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, беш жылга чейин үчүнчү өлкөдөн ташылган товарлар үчүн бажы төлөмдөрүн азыркы өлчөмдө сактап калууну максат кылууда.
Пакистан саясий кризиске кайрадан кептелгендей. Армия өкмөт менен оппозиция лидерлерин чыңалып бара жаткан кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырды.
Ирактын коопсуздук жана күрттөрдүн пешмерга күчтөрү Кошмо Штаттардын абадан колдоосу астында Мосулдагы ГЭСке кайрадан көзөмөл орнотууга жетишкени кабарланууда.
Украинада өкмөттүк күчтөр Луганск шаарындагы полиция бекетин ээлешти. Азыр украин күчтөрүнүн курчоосунда турган бул шаар быйыл апрель айынан тарта орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө болчу.
Кошмо Штаттар Ирактын түндүгүндөгү тоолордо камалып калган миңдеген качкындарды эвакуациялоо жолдорун караштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Жон Керри билдирди.
Ирактын президенти өкмөт куроону шиит саясатчысы Хайдар ал-Абадиге тапшырды. Мунун алдында азыркы премьер ал-Малики президент Масумду айыптап чыккан эле.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Ашхабадда өзүнө айкел орнотулушуна каршы чыкпады, же болбосо кол алдындагыларга бул маселени “элдин эркине” жараша чечүүнү тапшырды.
Тажик өкмөтү Тоолуу –Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдон кошумча киргизилген аскер күчтөрүн чыгарганы кабарланды.
АКШ менен ЕБнын экономикалык санкцияларына Орусия алардан келчү азык-түлүк жана тамак-аш импортуна тыюу салуу менен жооп жооп берди.
Батыш украин кризисинен улам Орусияга каршы киргизген санкциялары коңшу Казакстандын бийликтерин да камтамачылыкка түшүргөндөй.
Кыргызстандын сыртынан соттолгон мурдагы президенти Курманбек Бакиев Беларуста “Эл достугу” ордени менен сыйланышы боюнча минскилик саясий талдоочу Валер Карбалевич "Азаттык" менен ой бөлүштү.
Азербайжан менен Армения талашып жүргөн Тоолуу Карабахта соңку күндөрү кырдаал кайрадан курчуду. Баку менен Ереван атышуулар үчүн бири-бирин айыптап жатат.
Израил армиясы Газа тилкесинде операция кайра жанданарын алар бир тараптуу түрдө жарыялаган жети сааттык элдешүүнүн мөөнөтү аяктаган соң билдирди.
Дагы жүктөңүз