Бир нече айдан берки саясий туңгуюктан чыгууга жол ачкан келишимге кол коюлушун Ак үй “Ооганстандын биримдиги жана өлкөдө туруктуулук чыңдалышы үчүн өтө олуттуу мүмкүнчүлүк” тартуулаган окуя катары баалады.
Мамлекеттик катчы Жон Керри Ашраф Гани менен Абдулла Абдулланын мунаса табышын “өлкө тарыхында бийликтин биринчи ирет демократиялык жол менен өткөрүлүп берилиши “улуттук биримдиктен башталышын” камсыздоо деп мүнөздөдү.
БУУнун Коопсуздук кеңеши президенттик шайлоо жыйынтыкталышын кубаттап, мүчө өлкөлөрдүн Ооганстандын улуттук биримдик өкмөтү менен иштешүүгө даярдыгына токтолду.
НАТО Ооганстандын эки лидери “саясий өнөктөштүктүн нукура духун” көргөзөрүнө ишеним билдирди.
Ооганстандын бийлик мөөнөтү аяктап жаткан президенти Хамид Карзай болсо келишимге кол коюу жөрөлгөсү учурунда сүйлөп жатып, буларды айтты:
- Мен бүгүн ооган эли өзүнүн болочок өкмөтүн түзүү үчүн кол коюп жатканына кубанычтамын. Ооганстандын келечеги жана өнүгүшү үчүн бир туугандарым Ашраф Гани Ахмадзай менен Абдулла Абдулла өкмөттү башкаруу чечимин оогандардын жолу боюнча макулдашканына кубанычтамын.
Бийлик бөлүшүүнү караган келишимге ылайык, мурдагы каржы министри, теги боюнча пуштун Ашраф Гани өлкөнүн кийинки президенти болот.
Ал эми теги боюнча жарым тажик, кезинде Талибан менен күрөшкөн Түндүк альянстын жетекчилигинде турган, кийин тышкы иштер министри болгон Абдулла Абдуллага “башкы аткаруучу” деген кызмат ыйгарылып, премьер-министрдикине тете бийлик берилмекчи.
Ооганстандын азыркы Конституциясында премьер-министрдин кызмат орду каралган эмес. Президент бир эле учурда өкмөттү да жетектейт.
Тараптар ошентип, шайлоо талашын чечкени менен атаандаш эки саясатчы жана алардын командаларынын бирге иштешип кетүүсү боюнча күмөн саноолор сакталууда.
“Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысы Кадир Кабиб Ооганстандын өзүндө айтылып жаткан ой-пикирлер тууралуу мындай дейт:
- Азыркы учур үчүн проблема чечилди деп айта алабыз. Бирок ооган президенттигине эки талапкер ортосунда жетишилген макулдашууну мыйзамдан тыш иш катары баалап, сындагандар бар. Келишимди сындап жаткан саясий жана жарандык активисттер бул эки командага беш жыл бир өкмөттө иштешүү кыйын болот, алар мунаса таба албай калган ар бир учурда биз акыркы бир нече айда күбө болгондой кризистерге кабылабыз деп ойлошот. Анткени эки тараптын тең жактоочулары өзүлөрүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп санашат.
Бийлик бөлүшүү келишимине кол коюлушунун артынан Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы Ашраф Ганини өлкөнүн шайланган президенти деп жарыялады. Бирок быйыл 14-июнда өткөн экинчи айлампанын жыйынтыгында ким канча добуш алганын дароо ачыктаган жок.
Комиссия башчысы Юсуф Нуристани эки саясатчы үчүн тең жүз миңдеген добуш көз боёмочулук менен берилди деген шек саноо бардыгын, кайра санак мунун баарын аныктай албаганын гана белгиледи.
Айрым пикирлерге караганда, добуштардын саны эки тараптын жактоочулары демонстрацияга чыгып, башаламандык жаратпоосу үчүн жарыяланбай турат.
Өзү шайлоонун апрелде өткөн биринчи айлампасы учурунда сегиз талапкердин ичинен эң көп добушту Абдулла алган болчу. Ал эми экинчи айлампанын баштапкы жыйынтыктары боюнча жеңишке Ашраф Гани жетишкен.
Бирок Абдулла экинчи айлампада шайлоо бурмаланды деп ырастап, анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан. Гани мындай дооматтарды кабыл алган эмес.
Ушундан кийин Улуттар уюмунун жетекчилиги астында экинчи айлампада берилген сегиз миллион добушту кайра саноо жараяны башталган.
Бирок Абдулла талаптары орундалбай жатканын айтып, өз өкүлдөрүн кайра санак жүргүзүп жаткан топтон да чакыртып алган эле.
Эки атаандаш бийлик бөлүшүүнү караган келишимге мына ушул жараяндардан жана АКШ ортомчу болгон узак сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишип олтурат.
“Нью-Йорк Таймс” гезити америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап жазганына караганда, Мамлекеттик катчы Жон Керри эки атаандаш менен өткөн аптадагы акыркы телефон сүйлөшүүсүндө аларга эгер мунаса таап, биримдик өкмөтүн азыр түзүшпөсө Кошмо Штаттар Кабулга колдоо көргөзө албай турганын эскерткен.
Вашингтон Кабулдагы жаңы бийлик менен алдыда коопсуздук боюнча келишимге кол коюшу күтүлөт.
Ал документ 2014-жылдан кийин Ооганстанда АКШнын 10 миңге бир аз жетпеген санда аскерлери калышына укуктук жол ачуусу керек.