"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президент Путиндин аяктап бара жаткан жылда тышкы саясатта жасаган жүрүштөрү, айрым батыштык талдоочулардын пикиринде, аны эл аралык изоляциядан чыгарды, бирок Орусия үчүн тобокелдиктердин топтому али сакталууда.
Түркияда прокуратура күрттөрдүн таламын талашкан жана оппозициядагы партия лидеринин билдирүүлөрү боюнча иликтөө баштады.
Кечээтен тарта аскерлер "Ислам мамлекети" тобу ээлеп турган бул шаардын борборуна чабуул коюуга киришти. Операцияга АКШ баштаган коалиция да абадан колдоо көргөзүүдө.
Жаңы жылдан тарта Украина Евробиримдик менен эркин соода аймагына кирсе, тескерисинче, Москва Киев менен эркин соода келишимин токтотууда.
Азербайжандын улуттук акчасы - манат бир күн ичинде дээрлик 50% арзандады. Кара майдын баасы күн сайын түшүп жаткан шартта бюджет кирешесинин негизги бөлүгүн мунайдан алган азери өкмөтү да акырында манаттын курсун эркин коё берүүгө аргасыз болду.
Беш жылга жакын убактан бери жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдөгү тынчтык жараяндын "жол картасы" катары каралган резолюцияга ылайык, өкмөт жана байистүү оппозициячыл топтор сүйлөшүүлөргө макул болушу керек.
АКШнын Конгрессинде даярдалган мыйзам долбоордо адам укуктарына байланышкан кырдаал абдан начарлаганы үчүн азери бийлик өкүлдөрүнө виза бербөө маселеси каралган.
Сириядагы жарандык согушту токтотуп, саясий жараянды баштоо боюнча жаңы аракеттер бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланган жатат.
АКШнын Федералдык резерв системасы кредиттер боюнча үстөктү 2006-жылдан бери алгач ирет чейрек пайызга көтөрдү.
Мамлекеттик катчы Жон Керринин президент Владимир Путин баштаган орус бийликтери менен Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн негизги маселеси Сирия кризиси болду.
Москвада бүгүн Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Анда оболу Сириядагы жарандык согушту токтотуу жана Украинанын чыгышындагы кризисти жөнгө салуу жолдору боюнча орток пикир табууга аракет жасалмакчы.
Түркмөнстанда Индияга чейин жетүүчү газ куурдун курулушу башталды. Бирок миллиарддаган долларга туруучу ТАПИ долбоорунун коопсуздугу, каржылануусу боюнча али анык эмес жагдайлар бар.
Түркмөнстан 12-декабрда өлкөнүн бейтараптык макамы дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганынын 20 жылдык мааракесин белгилөөдө.
Казакстанда мурдагы өкмөт башчы Серик Ахметов он жылга эркинен ажыратылды.
АКШда Республикалык партиядан президенттикке талапкер, миллиардер Дональд Трамп анын дарегине айтылып жаткан сындарга байланыштуу жарыштан чыкпай турганын билдирди.
"Пью" борбору жарыялаган жаңы иликтөөгө караганда, азыркы кылымдын аягына барып мусулмандар сан жагынан дүйнөдөгү эң ири диний тайпага айлануусу күтүлөт.
Ооганстандын экинчи ири шаарынын аба майданында жайгашкан экинчи ири аскерий базага кол салууну "Талибан" азыркы лидери оор жаракат алды, балким өлдү деген маалыматтар тараган соң жасады.
Кытай борбору Бээжиндин бийликтери абанын адаттан тыш булганышынан улам биринчи ирет кечээ “кызыл эскертме" чыгарышты.
АКШ президенти Барак Обама өз кайрылуусунда Калифорнияда жасалган кол салууну “теракт” деп атады. Мурдараак 2-декабрдагы бул окуя теракт катары иликтенип жатканын ФБР да билдирген эле.
Британ парламентиндеги добуш берүүнүн артынан өлкөнүн аскер аба күчтөрү дароо эле "Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы турумдарына алгачкы соккуларды жасады.
Дагы жүктөңүз