"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Москванын айыптоолорун жалаа жабуу деп атаган Түркия лидери эгер азыркыдай аракеттер улана берсе, Анкара да жооп чараларды көрөрүн эскертти.
Америкалык аскерий жетекчилер Конгресс комитетиндеги жыйында жарыялагандай, алдыда Иракта атайын күчтөрдүн рейддерге тартыла турган тобу жайгаштырылмакчы.
Парижде климат боюнча дүйнөлүк саммит өтүүдө. Жыйында глобалдык жылуулуктун күчөп кетишин алдын алуу үчүн булганч газдардын абага бөлүнүшүн кыскартууну караган жаңы макулдашууга жетүү аргасы изделүүдө.
Түркия мигранттардын Европага карай агымын токтотуунун үстүндө иштейт. Бул үчүн Евробиримдик акчалай жардам, виза боюнча жеңилдиктерди убада кылып, мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр кайра жандана турган болду.
БУУнун эсебинде 2050-жылга барып кыргызстандыктардын саны 7,5 миллионду түзөт. Бирок Кыргызстан Борбор Азиянын эң аз калктуу өлкөсү бойдон калат.
Метеорология боюнча дүйнөлүк уюму мындай бүтүмүн Париждеги саммитти утурлай жарыялады. БУУнун саммитинде булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууну караган жаңы эл аралык келишимди макулдашылат деген үмүт бар.
Түркия-Сирия чек арасында орусиялык учак атып түшүрүлүүсүнөн кийин Москва менен Анкаранын дарегине эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалууну жөнгөрүү чакырыктары айтылып жатат.
Орусия бийликтеринин аскерий учак Түркия-Сирия чек арасында атып түшүрүлгөндөн кийинки алгачкы билдирүүлөрү Москва менен Анкаранын мамилеси бузуларын ишара кылууда.
Британия коңшусу Францияга “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө жардам жана Кипрдагы аскерий базасын пайдаланууну сунуш кылды.
Бельгия борборунда өткөн түнкү жана бүгүнкү рейддердин артынан 21 киши кармалды. Рейддер Париждеги террордук чабуул үчүн шектелгендердин бирин издөөнүн алкагында жүргүзүлдү.
Париждеги террордук чабуул үчүн жоопкерчилик алган “Ислам мамлекети” тобу менен күрөштүн мындан аркы нугу кандай болору талкууланууда.
Бүгүн Парижде өткөрүлгөн рейд учурунда террорчу деп шектелгендердин экөө өлүп, бешөө кармалды. Полициянын беш кызматкери жараат алды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Конституциялык реформаны тездетүү боюнча жакындагы сунушу эгер ишке аша баштаса, эски маселелерден мамлекет башчынын ыйгарым укугу, жаңылардан президенттин шайлануу жолу талаш-тартыштардын өзөгүн түзчүдөй болуп турат.
Орусияда “Мемориал” укук коргоо борбору эми конституциялык түзүлүшкө шек келтирген деп айыпталууда. Бул уюмга каршы эми кылмыш иши ачылуусу мүмкүн.
Тажикстанда бийликтер адвокаттардын ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Аларды өкмөткө көбүрөөк көз каранды кылган жоболорду мыйзамга тажик парламенти өткөн аптада киргизди.
Аун Сан Су Чжинин партиясынын шайлоодогу жеңиши толук ырасталса, бул Түштүк-Чыгыш Азиядагы Мьяманын аскерий диктатурадан демократияга карай жолундагы бурулуш окуя болот.
Акыркы алтымыш алты жылдагы жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүлөр Бээжин өзүнүн бир бөлүгү катары санаган Тайвандагы шайлоонун алдына туш келди.
Украина жана Балтика өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиядан Германияны көздөй жаңы газ кууру төшөлүүсүнө каршы чыгууда.
Орусия учагынын Египетте кыйрашына “террористтердин аралашуу” ыктымалдуулугун Кошмо Штаттар да жокко чыгарбайт. Вашингтондун алдында ушундай божомолду британ өкмөтү да айткан эле.
Жапония менен Түштүк Корея акыркы үч жылдан ашуун убакыттагы алгачкы саммитин өткөрүштү. Бир күн алдыда жогорку деңгээлдеги үч тараптуу жыйынга Кытай дагы кошулган.
Дагы жүктөңүз