"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШда президенттик шайлоону утурлаган ички партиялык жарыштын алгачкысында республикачылардан сенатор Тед Круз жеңишке жетишти. Ал эми демократтардан мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон атаандашы менен дээрлик тең чыкты.
Түркмөнстан Орусиядан түркмөн - ооган чек арасын кайтарууга азырынча жардам сураган жок. Бул орус тышкы иштер министринин Ашхабадга ушул аптадагы сапары учурунда маалым болду.
Талдоочулар Казакстандын алдыдагы парламенттик шайлоосун бийликтеги партия кайрадан өзүн өзү жеңе турган саясий өнөктүк катары сыпатташууда.
Баш кеңсеси Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту (ICC) Орусия-Грузия согушу учурундагы ыктымал аскерий кылмыштарды иликтей турганын жарыялады. Грузия бул чечимди кубаттады.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бирдиктүү виза тартибин караган Шенген келишимине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылышууда.
Кремл америкалык администрация өкүлүнүн президент Путиндин коррупциялашканы тууралуу сөздөрүн сынга алды. Путин өзүн жана жакынкы чөйрөсүн байытып жатканын, байлыгын абдан кылдат жашырарын АКШ Каржы министрлигинин өкүлү айтып чыккан эле.
Украинанын Конституциясын бул жолу өзгөртүүнүн өзөгү - борбордун бийлигин чектөө же бийликти борбордон ажыратуу.
Арзан кара майдан аны импорттогон өлкөлөр пайда көрүп жатканы менен глобалдык чен-өлчөмдөн алганда экономикага таасири азыр анчалык чоң эмес.
Эл аралык укук коргоо уюмдары жана Орусиянын укук коргоочулары Кремлди чечен лидеринин коркутууларына көңүл бурууга чакырышты. Кадыровдун соңку билдирүүлөрү Орусияда коомдук талкуу жаратты, жума күнү Чеченстанда аны колдогон массалык митинг уюштурулду.
Бизнес элита жана саясий лидерлер чогулган Давос форумунун быйылкы башкы темасы-төртүнчү индустриалдык ыңкылапка ылайыкташуу. Дүйнө ага качан баш багат жана бул эмнени билдирет?
Москвадагы RusEnergy консалтинг компаниясынын аналитиги Михаил Крутихин “Азаттык” менен маегинде Орусиянын мамлекеттик компаниялары башка өлкөлөрдө алган инвестициялык милдеттенмелерин эмне үчүн аткара албай жатканы, алар кабылган каржылык каатчылыктын себептери тууралуу айтып берди.
Иранга каршы эл аралык экономикалык санкциялар алынгандан кийин анын камактагы активдери жана акчалары бошотула баштады.
Давостогу экономикалык форумду утурлай жарыялаган атайын баяндамасында Oxfam эл аралык кайрымдуулук уюму дүйнөдө кирешелердеги теңсиздик күчөп кеткенин эскертти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясынын эки депутатын фракция чечиминин жана фракция башчысынын сунушунун негизинде мандаттан ажыратууга барышы мыйзам бузуу менен катар парламенттик башкаруунун кадырын кетирген көрүнүш болду.
Бул аскерий инцидент эки өлкөнүн мамилеси өтө кылдаттыкты талап кылып турган учурга туш келди.
Түркиянын бийлиги Стамбулдун тарыхый борборундагы кечээги жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобун айыптоо менен террорго каршы күрөштү буга чейинкиден да күчөтүүнү убада кылууда.
Германиянын Көлн шаарында аялдарга кол салгандардын дээрлик баары мигранттар экени аныкталды. Мындай бүтүмгө Германиянын аймактык бийликтери келүүдө. Аялдарга мигранттар ыдык көрсөттү деген шек менен иликтөө иштери Швецияда да башталды.
Кытайда улуттук акча - юандын алмашуу курсундагы олку-солкулук инвесторлордун камтамачылыгын жаратып, мунун аркасында жалпы Азияда баалуу кагаздар базары кыйсыпырга түштү.
Дүйнөлүк экономиканын абалына таасир көргөзгөн негизги тенденциялардын бири – мунайдын арзандашы 2016-жылы да уланганы турат.
Бельгия борбору Брюсселде бүгүн Жаңы жылдык фейерверк атылбай турган болду. Коопсуздук жүйөсүнөн улам Жаңы жыл салтанатын чектеген чаралар Парижде да көрүлүүдө.
Дагы жүктөңүз