Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Брюссель менен Париж Жаңы жыл салтанатын чектеди


Брюсселдеги балаты
Брюсселдеги балаты

Бельгиянын борбору Брюсселде бүгүн Жаңы жылдык фейерверк атылбай турган болду. Шаар бийликтери билдиргендей, алар мындай чечимге террор коркунучунан улам келди. Коопсуздук жүйөсүнөн улам Жаңы жыл салтанатын чектеген чараларды Париж да киргизди.

Бельгия менен катар Евробиримдиктин да борбору саналган Брюсселдин мэри Иван Майердин билдиргенине караганда, адатта шаардын аянттарына Жаңы жылды тосуу үчүн 100 миңдей киши жыйналчу.

Ар бир адамды текшерүү дээрлик мүмкүн болбогондуктан шаар бийликтери тобокелдикке барбай Жаңы жыл түнү эл көп чогулган майрамдык салтанаттарды бул жолу өткөрбөөнү чечти.

Бул маселе өкмөт өкүлдөрү менен да кеңешилди. Чечим коркунучтарды анализдөө мекемесинин жана антикризистик борбордун докладдарынын негизинде кабыл алынды.

​Брюссель бийликтеринин жарыясынан бир күн алдыда Бельгиянын федералдык прокуратурасы Жаңы жыл майрамдары учурунда теракт уюштурууну пландоого аралашкан деген шек менен эки кишини камакка алган эле.

Өлкөнүн террорго каршы күрөшүү мекемесинин өкүлдөрүнүн айтымында, мерчемделген кутум “Ислам мамлекети” тобу тарабынан тикелей башкарылган эмес, демилге ошол уюмдан келгендей.

Брюссель Жаңы жыл салтанатын чектеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Быйыл 13-ноябрда коңшу Парижде “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган, 130тай кишинин өмүрү кыйылган террордук чабуулдардан бери Брюсселде ыктымал террор коркунучун баалаган төрт ченемдин үчүнчүсү сакталууда.

Андан бери бир ирет эки-үч күнгө мектептер, метро жабылган.

Анткени, Париждеги террордук чабуулга тартылгандардын айрымдары Брюсселдин араб тектүүлөр жашаган кварталынын тургундары болуп чыккан эле.

Жаңы жыл түнү салтанаттарга коопсуздук жүйөсүнөн улам чектөөлөр Парижде да киргизилүүдө.

Француз борборундагы коопсуздукту бүгүн полицияны, аскерлерди, өрт өчүргүчтөрдү кошкондо 11 миңдей адам көзөмөлдөйт. Бул былтыркыдан 2000ге көптүк кылат:

- Майрамга даярдык жакшы. Бирок биз абдан сак болушубуз керек. Коркунучтар, тобокелчилдиктер, коркунучтуу күчтөр али да бар. Биз абдан сак болушубуз керек, бирок сактык биздин Жаңы жылды майрамдообузду токтотпойт,- деди француз коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан кабарчыларга.

Парижде Жаңы жыл түнкү салтанаттардын программасы кыскартылды.

Мэр Анн Идальгонун айтымында, алар быйылкы Жаңы жылды “басмырттык жана биримдик” маанайында белгилөөнү чечти. Француз борборунун Элисей талаасына адаттагыдай эл жана туристтер кире алат, бирок быйыл чоң салтанат болбойт, фейерверк атылбайт.

Париж Жаңы жыл салтанатын чектеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Париждин аймагында ошондой эле түндө фейерверктерди колдонууга жана сатууга тыюу салынды.

Ага катар бийликтердин чектөөлөрүнө ылайык, түндө алкоголдук ичимдиктерди, айнек бөтөлкөдөгү суусундуктарды сатып алып көтөрүп кетүүгө жол берилбеши керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG