"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Европанын Батышын көздөй умтулган мигранттар үчүн Балкан жолундагы маанилүү түйүн болгон Македониянын Грекия менен чек арасында соңку күндөрү чыңалган кырдаал түзүлдү.
Бүгүнкү добуш берүүнүн жүрүшүндө өлкө парламенти - Межлистин депутаттары жана жалаң диниятчылардан турган Эксперттер ассамблеясынын мүчөлөрү тандалууда.
“Ислам мамлекети” террордук тобундагы чет элдиктердин жалпы саны азайды. Бирок акыркы айларда бул топ чет элдик согушкерлерди эми мүмкүн болушунча Ливияга көбүрөөк тартууга аракеттенип жатканы байкалат.
Соңку эсептер боюнча быйылкы жылдын толук эмес эки айында эле Евробиримдиктин чек арасынан 100 миңден ашуун качкын өттү.
Ак үйдөн жасаган билдирүүсүндө АКШ президенти Конгрессти аталган абак жайды биротоло жабуу боюнча планды колдоого да чакырды. Бирок Конгресстен каршылык чыкчудай болуп турат.
АКШ менен Орусия макулдашкан жаңы планга ылайык, эми Сирияда ок атышуу 27-февралдын түн ортосунан тарта токтойт деп үмүт артылууда.
Украинада өткөн аптада башкаруучу “Европачыл Украина” коалициясы иш жүзүндө ыдырады. Мунун алдында парламент өкмөттү кетире албай койгон эле.
Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралга ракеталарын жайгаштыруусу Вьетнам менен Филлипиндин нааразылыгын жаратты.
Маанилүү соода жолу деп саналган Түштүк -Кытай деңизинин бөлүктөрүн жана андагы аралдарды Кытайдан Түштүк -Чыгыш Азиядагы айрым коңшулары талашып жүрөт.
Өкмөттү кайра түзүү Украина үчүн соңку саясий кризистен чыгуу аргасы катары каралып жаткан. Арсений Яценюкту премьерлик орунду бошотууга кечээ президент Петро Порошенко өзү да чакырган эле.
Сирияда ооруканалар менен мектептердин бомбаланышын НАТО өлкөлөрү жана БУУнун башкатчысы кескин айыпташты. Франция менен Түркия бул окуяларды “согуш кылмышына” теңөөдө.
Бул ирет соодада Кытайдан коргонуу боюнча чара көрүүнү Европада өзгөчө болот өндүрүүчүлөр талап кылып жатышат. Кечээ алардын миңдеген өкүлү Брюсселде демонстрацияга чыгышты.
Президенттикке үмүткөрлөрдүн кимисинин эки партиядан талапкер болуп мүмкүнчүлүгү жогору, үмүткөрлөрдүн айрымдарынын буга чейинки ийгиликтери эмнеге байланыштуу жана бул шайлоонун башкы темалары кайсылар?
АКШ, Орусиянын тышкы иштер мекемелеринин башчылары катышкан сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишим Сирияда каршылашкан тараптарды ок атышууну бир апта ичинде токтотууга чакырат.
АКШда президенттикке үмүткөрлөрдүн ички партиялык жарышынын Нью-Гэмпшир штатындагы бөлүгүндө жеңүүчүлөр алмашты.
Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчилери үстүнөн сот башталды. Адам укугун коргоочулар сот жараяндын жабык өтөрү тынчсыздануу жаратарына көңүл бурушууда.
Түркия менен Германия Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө сириялык качкындардын Түркияны көздөй жаңы толкунун жараткан Алепподогу жана анын айланасындагы Орусиянын аба соккуларын айыпташты.
Алепподогу жана анын айланасындагы окуялардан улам Сириядан Түркияга качкындардын жаңы толкуну агылып, соңку күндөрү чек арада отуз миңдей адам жыйналды.
Орусиянын дарегине Сириядагы аба соккуларын токтотуу боюнча чакырыктардын кайрадан жаңырышына Алеппо шаарынын айланасындагы окуялар түрткү берүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зика деп аталган вирусту Латын Америка өлкөлөрү үчүн эле эмес, дүйнө үчүн жалпы глобалдык коркунуч катары тааныды. Алдыда коркунучтуу илдетке каршы вакцинаны табуу милдети турат.
Дагы жүктөңүз