Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Сирия: ооруканалар бомбаланды


Идлиб провинциясында талкаланган оорукана.
Идлиб провинциясында талкаланган оорукана.

Сирияда ооруканалар менен мектептердин бомбаланышын НАТО өлкөлөрү жана БУУнун башкатчысы кескин айыптады. Франция менен Түркия бул окуяларды “согуш кылмышына” теңөөдө.

Түркия ага катар соңку бомба чабуулдар үчүн тикелей эле Орусияны күнөөлөсө, Москва айыптоолорду четке какты. Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Москванын өтүнүчү менен Түркиянын Сириядагы күрттөрдү артиллериядан аткылоолорун талкуулаганы жатат.

Улуттар уюмунун эсебинде, Сириянын Алеппо жана Идлиб провинцияларында медициналык беш жайга жана эки мектепке жасалган аба соккулардан кеминде 50гө жакын жөн-жай тургундун өмүрү кыйылды.

Идлиб провинциясында Чек арасыз дарыгерлер уюмунун ооруканасы 15-февралда бомбаланган учур делген видеону активисттер интернет аркылуу таратышты.

Анда аталган уюмдун эн белгисин тагынган жергиликтүү тургундардын тобу бомба түшкөн кезде “Кудай улук” деп кыйкырып, жарадар болгондорго жардам көргөзүп жаткан кез тартылган.

Идлиб провинциясындагы ооруканага сокку урулган учур
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун ооруканалар менен мектептердин бомбаланышын эл аралык укуктун эрежелерин одоно түрдө бузгандык деп баалап, алар Сирияда беш жылга жакындап калган жарандык согушту токтотуу аракеттерине көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

Ооруканаларга кайсыл тараптын бомбасы тийгени анык эмес, бирок Сириядагы жаңжалга аралашкан өлкөлөрдүн бири айыптаса, экинчиси четке кагып жатат.

Маселен, АКШнын билдиргенине караганда, бомба ташталган ооруканалардын экөө Алеппо шаарында жана анын айланасында, бирөө Азаз шаарында жайгашкан.

Кошмо Штаттар бул аба соккулар үчүн тикелей Орусияны күнөөлөгөн жок. Бирок Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө алар Орусиянын Сириядагы кан төгүүнү токтотуу ниетинен жана жөндөмүнөн күмөн санатып жатканы көргөзүлгөн.

Сириянын Москвадагы элчиси Рияд Хаддад болсо орус телеканалындагы маегинде Идлиб провинциясындагы оорукананын талкаланышы үчүн АКШны айыптады, бирок Пентагондун өкүлү Сирия элчисинин сөздөрүн калп деп атап, америкалык авиация кечээ Идлибде эмес, “Ислам мамлекети” тобунун Ракка менен Хасаке шаарындагы турумдарына сокку урганын билдирди.

Идлибде талкаланган оорукана. 15-февраль, 2016-жыл.
Идлибде талкаланган оорукана. 15-февраль, 2016-жыл.

Баш кеңсеси Франциядагы жайгашкан Чек арасыз дарыгерлер уюму болсо алардын Идлиб провинциясындагы ооруканасы талкаланышын Орусиядан көрүүдө. Уюмдун француз бөлүмүнүн башчысы Мего Терзиан 15-февралдагы чабуулдун чоо-жайы тууралуу мындай дейт:

- Идлиб провинциясындагы Маарет ал-Нуума деген жерде Чек арасыз кабарчылар уюму колдогон ооруканага төрт ракета тийди. Андан аман калган биздин кесиптештерибиздин айтымында, оорукана толугу менен талкаланды. Дарыгерлер менен бейтаптардын кеминде жетөө каза тапты. Дагы сегиз кишинин дайын-дареги белгисиз. Алар тирүү же өлүк экенин биз билбейбиз. Аба соккуну жасагандар Сирия баштаган коалиция – же Сириянын өкмөтүнүн же Орусиянын учактары экени анык. Тилекке каршы мындай нерсе биринчи эле жолу болуп жаткан жок. Быйыл январдан бери эле биздин уюм колдогон мединциналык жайлар үч провинцияда: Алепподо, Идлибде жана түштүктөгү Дераа провинциясында бомбалоого кабылган.

Франциянын тышкы иштер министри Жан–Марк Эро болсо ооруканалардын бомбаланышын атайылап жасалган иш катары баалап, муну аскерий кылмышка теңеди.

Түркия болсо мындан да ары кетип, түздөн –түз Орусияны күнөөлөдү эле, Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков бүгүн Анкаранын ырастоосун четке какты.

Песковдун айтымында, бул окуяда маалыматтын баштапкы булагы Сириянын бийликтери болушу керек.

Күрттөрдү аткылоо

Сирия жаңжалы азыр Орусия менен Түркиянын тикелей каршылашуу тобокелчилигин жаратууда.

Сириялык күрттөр Түркия чек арасына жакын стратегиялык аймактарды ээлешине каршы туруу үчүн расмий Анкара Алеппонун айланасындагы уруштарга аралашып кетиши мүмкүндүгүн ишара кылууда.

Сириялык күрттөр жакында аларды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошууну талап кылышкан.
Сириялык күрттөр жакында аларды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошууну талап кылышкан.

Түрк армиясы бул аймактагы күрт кошуундарын бир нече күн катар менен артиллериядан аткылап жатат.

Мындан улам Орусия БУУнун Коопсуздук кеңеши Түркиянын сириялык күрттөргө каршы аскерий аракетин талкуулоону өтүндү. 16-февралдагы жыйын жабык эшик артында өтмөкчү.

Сириядагы күрттөрдү АКШда, Орусияда колдойт. Анкара болсо алардын “Элдик коргонуу бөлүктөрү” деген куралдуу бирикмесин террорчул уюм катары саналган Күрт жумушчу партиясы - ПККга байланышта карайт.

Токтошу арсар ок атышуу

Сириянын өзүндө кыянатчылыктардын, ал эми НАТО өлкөлөрү менен Орусиянын ортосунда кайым айтышуулардын күчөшү уруш буга чейин мерчемделгендей, 18 –февралдан тарта токтойт деген үмүттөргө суу себүүүдө.

Анткени, Сирияны колдоо боюнча эл аралык топко кирген өлкөлөрдүн дипломаттары 12-февралда Мюнхенде макулдашкан келишим Сирияда каршылашкан тараптарды ок атышууну бир апта ичинде токтотууга чакырган. Дүйнө державалары да ок атышуу токтошуна жетишүү багытында иш жүргүзмөк.

Бул аралыкта өкүлү Мюнхендеги жыйынга катышпаган Сирия президенти Башар Асад урушту токтотуу кыйын болорун айтып чыкты.

“Ок атышуу армиялар жана мамлекеттер ортосунда токтойт, бирок эч качан мамлекеттер менен террорчулар ортосунда токтобойт”,- деди Асад Дамаскта адвокаттар алдында сүйлөп жатып.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG