"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагыдай талаш аймактар дүйнө өлкөлөрүндө жүздөп саналат. Аларды чечүү үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген учурда башка кандай ыкмалар колдонулуп жүрөт?
Аза күтүп жаткан Бельгияда бийликтер кечээги жардырууларды жасады деп шектелип жаткан эки жанкечтинин тек-жайын аныктады. Теракттар үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.
Кошмо Штаттардын кызматтагы президентинин Кубага акыркы сексен сегиз жылда алгачкы ирет келиши эки коңшунун карым-катнашында жаңы доорду ачуу жана тарыхый сапар катары бааланууда.
Түркия бийлигинин узактан берки күрт проблемасын жалаң күч менен чечүүгө ыктаган саясатынын кайра терс жыйынтыктарды, тынчтык эмес, жардырууларды алып келиши бир катар суроолорду жаратууда.
Түркияда “террористтик пропаганданы” жайылткан деген айып менен үч илимпоз камакка алынды. Мунун алдында президент Режеп Тайып Эрдоган өлкөдө террорчу деп кимдерди эсептөө боюнча аныктаманы кеңейтүүнү сунуш кылган эле.
Орус президенти Путиндин "Сириядан аскерий контингенттин негизги бөлүгү” чыгарылат деген күтүүсүз жарыясынын артында кандай жүйөлөр жана себептер жатышы мүмкүн?
Президент Асаддын режими менен оппозициячыл топтордун ортосунда Женевада башталган сүйлөшүүлөр Сириянын өзүндө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенден кийинки учурга туш келди.
Түркиянын коопсуздук өкүлдөрүнүн баштапкы маалыматтарына караганда, жекшембинин кечинде Анкарадагы жардырууну ишке ашыргандардын Күрт жумушчу партиясына байланышы бар.
Орусияда оппозициячыл ПАРНАС партиясынын активистине каршы кылмыш иши козголду.
АКШда Орусиянын мурдагы басма сөз министри Михаил Лесиндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты.
Иракта өлкөнүн эң ири суу сактагычы - Мосул дамбасы кыйроо коркунучуна кептелди. Кокус андай болсо суу ташкын бир жарым миллионго жакын адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат.
Литвадагы форумда четте жүргөндөр менен катар өлкөнүн өзүнөн барган активисттер чогулуп, Орусиянын президент Путинден кийинки өнүгүү сценарийлерин талкуулашты.
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн “маңыздуу” бөлүгү 14-мартта башталат деп күтүлүүдө. Ал эми атышууну токтотуу шарттары БУУнун баамында "жалпысынан" сакталып жатат.
АКШ ракеталык сыноо менен Тегеран Улуттар уюмунун резолюциясын бузушу мүмкүндүгүн эскертти.
Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик глобалдык деңгээлде толук жетишиле турган мезгилди 2130-жылдар деп болжолдойт.
Түндүк Корея өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин ырастоодо. Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы санкцияларды кеңейткен болчу.
Өзүн аятолла Али Хаменеинин “кызматчысы жана жоокери” деп атап жүргөн депутат аялзатын "эшекке" теңеп, аялдарга парламентте орун жок деген сөздөрү үчүн кескин сынга кабылды
Кара майдын арзандыгынан зыянга учурган Орусия дүйнөлүк базардагы баага өндүрүштүн көлөмүн чектөө менен таасир этүүгө умтулууда. Бирок талдоочулар бул чарадан майнап чыгарынан күмөн санап жатышат.
АКШдагы “чоң шейшемби” президенттик шайлоо өнөктүгүндө демократтардан мурдагы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун, республикачылардан миллиардер Дональд Трамптын лидерлигин бекемдеди.
Өзбекстанда жергиликтүү бийликтин түзүмү өзгөрүүдө. Президент Ислам Каримовдун соңку жардыктарынын бирине ылайык эми облустарда акимдерге түздөн-түз борбордук бийликке гана баш ийген орун басарлар дайындалат.
Дагы жүктөңүз