Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Дүйнөдө аял-эркек теңдиги үчүн дагы бир кылым керек


Варшавада Аялдар күнүн утурлай өткөн жүрүш. 6-март, 2016-жыл.
Варшавада Аялдар күнүн утурлай өткөн жүрүш. 6-март, 2016-жыл.

Бейөкмөт жана эл аралык уюмдар, айрым өкмөттөр 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүндө аял укуктары, гендердик теңчилик маселелерине көңүл бурууда.

Глобалдык деңгээлде бир нече бейөкмөт жана бизнес уюмдардын биримдиги аялдардын быйылкы эл аралык күнүн “Теңдикке кепилдик бер” деген ураан астында белгилеп жатат.

Бул үчүн атайы ачылган интернет баракчада көргөзүлгөндөй, бүткүл дүйнөдө аялдар саясий, социалдык, экономикалык, маданий жетишкендиктерге салым кошууну улантып жаткандыктан, “майрамдай турган көп эле нерсе бар”.

Бирок гендердик теңчиликти камсыздоо жараяны дүйнөнүн бир топ аймактарында солгундап кетти.

Түркияда аялдардын демонстрациясы куч менен таратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Дагы бир кылым

Баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Дүйнөлүк экономикалык форум 2014-жылкы баяндамасында глобалдык алкакта гендердик теңчилик 2095-жылы гана барып камсыздалат деген бүтүм чыгарган болчу.

Ал эми 2015-жылкы баяндамасында, ушул эле уюм саясий, экономикалык жана башка көрсөткүчтөрдү эске алуу менен гендердик теңчилик глобалдык деңгээлде толук жетишиле турган мөөнөттү андан ары да жылдырып, 2133- жылга чейин деп болжолдогон.

- Дүйнөдө гендердик теңсиздик бардыгы биздин эч кимибиз үчүн таң калыштуу болбосо керек. Бул биз жашап жана көрүп жаткан турмуштун бир бөлүгү. Бирок муну обьективдүү анализдөө кырдаалды оңдоого, старатегиялык нукта иш жүргүзүүгө олуттуу салым кошо алат. Биз гендердик ажырым индексин даярдоодо 14 индикаторго таяндык. Алардын 13ү Улуттар уюму, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Эл аралык эмгек уюму өңдүү маалыматы коомчулук үчүн ачык булактардан алынды,- дейт Дүйнөлүк Экономикалык форумдун талдоочусу Саадиа Захиди (Saadia Zahidi).

Эмгектеги теңсиздик

Эл аралык эмгек уюму быйыл 8-Мартты утурлай атайын баяндамасын жарыялап, акыркы 20 жылда дүйнөдө аялдардын билим алуусу бараандуу ийгиликтер менен коштолгонун, бирок бул алардын эмгек базарындагы абалынын оңолушуна анчалык салым кошо албаганына көңүл бурду.

Бул уюмдун эсебинде 1995-жылы Бээжинде аялдардын абалы боюнча дүйнөлүк төртүнчү конференция өткөндөн бери оң багыттагы өзгөрүүлөр анчалык сезилерлик болгон жок.

Египетте май куюуучу жайда иштеген аялдар. Каир, 24-февраль, 2016-жыл.
Египетте май куюуучу жайда иштеген аялдар. Каир, 24-февраль, 2016-жыл.

Башкача айтканда иликтөөдө эркектер менен аялдардын ишке орношуу көрсөткүчүндөгү ажырым акыркы 20 жылда болгону 0,6% гана кыскарган.

178 өлкөдөн чогулган маалыматтарды анализдөө 2015-жылы иштеген аялдар менен эркектердин ортосундагы сандык айырма 25,5% түзгөнүн көргөзгөн. Дүйнө боюнча жумушсуз эркектердин саны 5,5% болсо, аялдар арасында бул көрсөткүч 6,2% жетет.

Бирок иликтөөлөр жетекчи кызматтарда иштеген аялдар саны дүйнө боюнча акыркы беш жылда 3% өсүп, 24% чыкканын да ырастаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG