Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар 15-майда бийликке кайрылуу жолдоп, абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин саламаттыгы начарлап, кан басымы көтөрүлүп, анын дарылануусуна шарт түзүүнү суранышты.
Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-июнга дайындады. Өткөн апта соңунда өткөн дагы үч округдагы кезексиз шайлоонун расмий тыянагы жарыялана элек.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал чыңалган бойдон калууда. Ондогон жыл бою “көмүскө кармашып келаткан” Израил менен Ирандын тиреши мурда болуп көрбөгөндөй курчуп, Ислам жумурияты биринчи жолу өз аймагынан Израилге сокку урду.
Жалпысынан Казакстанда сел каптаган айыл-шаарлардан эвакуация кылынгандар бүгүнкү күнгө карата 108 миңден ашты, алардын дээрлик 38 миңи балдар. 12 миң киши кайра үйүнө кайтты. Азыркы тапта 7,5 миңдей киши убактылуу ачылган жайларда жашап жатат.
31-мартта Түркияда жергиликтүү кеңештерди жана шаар мэрлерин шайлоо өтүп, анда жалпы эсепте оппозиция жеңди. Бул президент Режеп Тайып Эрдоган бийликке келгенден бери бийликтин партиясы алдыга озбой калган алгачкы учур экени белгиленип жатат.
Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешеси барларды аныктап, "тазалоо" процесси уланып жатканын айтууда.
“Ихсан” кооперативи аркылуу батир алууга акча салган жарандар бийликке кайрылып, алардын көйгөйүнө көңүл бурууну суранды. Алар кооперативдин банк эсебиндеги акчанын бир бөлүгү чыгарылып кеткенин, жабыркагандарга бирдей мамиле жасалбай жатканын айтып даттанууда.
Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна камтамачылыгын билдирип, бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликке кайрылуу жолдошту. Алар президент Жапаровду бул мыйзамга вето коюуга чакырууда.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды.
Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы бүгүнкү отурумга адвокат Акин Токталиев Адвокатуранын катынын негизинде киргизилген жок. Отурумда камалгандар айыптоо актысы адвокаттын жоктугуна карабай окулганына нааразылык билдиришти.
Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандарды бошотуу талабы менен акция өттү. Анын катышуучулары президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоп, абактагыларды бошотуу, аларга басымды токтотуу, ачык сот өткөрүү талабын коюшту.
Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын ажыратуу боюнча чечим чыгарды. Соттук чечиминде жазылгандай, отурум 1-мартта өткөн.
Административдик-аймактык реформанын жүрүшү менен аймагы кеңейген Бишкек шаарынын жергиликтүү депутаттарынын саны 235ке көбөйдү. Буга борбор калаага кошулган айыл округдарынын депутаттарынын Бишкек шаардык кеңешине кириши себеп болду.
Парламентте экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу катары таанымал Икрамжан Илмияновду жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү.
Кемпир-Абад иши боюнча сотто адвокаттардын нааразылыгы көп айтыла баштады. Алардын бири Акин Токталиев лицензиясынан күмөн санаганы үчүн ишти караган судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына даттанды. Буга чейин сот отуруму айыпталуучулардын айрымдарынын адвокаты жок өтүп, чыр чыккан.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовду жана Нурлан Ражабалиевди жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Буга чейин "экс-бажычы Райымбек Матраимовго жакын депутаттар мандатын тапшырышы керек" деген өңүттө материалдар жарыяланган.
Президент Садыр Жапаров Татарстандын борбору Казанда иш сапары менен болду. Ал 21-февралда “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышып, орус президенти Владимир Путин менен да жолукту.
Орусияда түрмөдө табышмактуу жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная күйөөсүнүн ишин улантууга убада берди. Ал үч жылдан бери темир тор артында отурган күйөөсүн "Путин өлтүргөнүн", жакында бул кылмышты жасагандардын аты-жөнүн аташарын билдирди.
Орусияда абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын өлүмү дүйнө коомчулугунун, анын ичинде Борбор Азияда талкууга түштү. Аны эскерүү акциялары Орусиянын жана дүйнөнүн бир катар шаарларында, Бишкекте да өттү.
Дагы жүктөңүз