“Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.
Бүгүн Ташкентте өзбек парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында премьер-министр Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын утурумдук президенти болуп дайындалды.
АКШ бийлиги жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму украиналык «Интер» телеканалынын кеңсесинин өрттөлүшүн «чектен чыккан жорук» катары сыпатташты. Ал арада акцияга чыккандар каналдын өкүлдөрү менен жолуккан соң убактылуу тарап кеткени маалым болду.
Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот.
Еревандагы эл жыш отурукташкан Эребуни районундагы полиция имаратын куралчан адамдар басып алды. Мунун айынан бир адам өлүп, бир нече адам жараат алганын “Азаттыктын” армян кызматы маалымдады.
Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев бүгүн, 16-июлда 95 жашында келбес сапарга аттанды.
Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракети учурунда мерт болгондор саны 200гө жетти. Мындан сырткары кечээ түндөн берки окуялар, кагылышуулар учурунда 1400дөн ашуун киши жаракат алган.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкан жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.
НАТО лидерлери Орусияга карата бирдей саясий позицияда болууну чечти. Уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтуусунда, кармануу жана ошол эле мезгилде конструктивдүү диалогду жакшыртуу максаты коюлууда.
Кыргызстандын таанымал инсандары узап бараткан 2015-жылдагы ийгиликтер жана өксүктөр тууралуу айтып, 2016-жылы тилеген тилектери, элге каалоолорун “Азаттык” аркылуу бөлүштү.
Узап бара жаткан 2015-жылы "Азаттык" бир катар сынактарды уюштуруп, кабарчыларыбыз эл аралык сыйлыктарды жеңип алды.
6-ноябрда премьер-министр Темир Сариев башында турган өкмөт мүчөлөрү жана президент дайындаган Коргоо иштери боюнча комитеттин башчысы жана УКМКнын төрагасы Жогорку Кеңеште ант беришти.
Миллиондогон өмүрдү алган Экинчи Дүйнөлүк согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыркыга чейин кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.
Ишембиге караган түнү Москванын борборунда оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр Борис Немцовду атып кетишти.
Минск шаарында өлтүрүлгөн криминалдык чөйрөнүн өкүлү Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча Кыргызстанда айрым билдирүүлөр жасалды.
Акыркы маалыматтар боюнча Мариуполдо 30 адам өлүп, 100дөй адам ар кандай жаракат алды.
Түркиянын жарандары биринчи жолу президенттик шайлоодо түз добуш берди. Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо 52% добуш менен жеңгени жарыяланды.
“Мен башка элдердин босогосун эки улуттук ыйык нерсе менен аттайм, бул “Манас” жана Мухтар Ауэзов” – бул сөздөр Чыңгыз Айтматовго таандык.
Мурдагы президент Роза Отунбаева 2010-жылы Бакиевди өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечимди өзү кабыл алганын айтты.
Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын кенин чалгындап жаткан “Казахмыс Голд Кыргызстан” компаниясы менен жергиликтүү калк араздашууда.
Казакстан 26-марттан тарта Кыргызстандын эки ишканасынан сүт азыктарын сатып ала баштайт.
Дагы жүктөңүз