"Азаттык" радиосунун журналисти жана алып баруучусу. Сезимтал журналистика, кесиптик этика боюнча адис.
Ош шаарында Полковник аттуу киши жашайт. Бул ысымды ага Ата мекендик согушта Панфилов дивизиясында кызмат өтөгөн атасы берген.
Декабрдын ортосунда Ош шаардык кеңеши үйлөнүү үлпөтүнө чыккан кортеждеги машинелердин саны төрттөн ашпасын деген токтом кабыл алган.
Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанатка 50 миңдей адам келгени айтылууда.
Ош шаарында 2010-жылдын июнь коогасында жакындарынан ажыраган 10дон ашуун жаран нааразылыкка чыкты.
Ала-Буканын акими Атантай Рыскулов аймактын турмушу тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.
Кыргыз эл баатыры, космонавт Салижан Шарипов өргүүгө чыгып, 9-декабрда Кыргызстанга келди.
Ошто газ жана электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын кышкы чилдеге туура келип турса, быйыл күзүндө эле башталды.
Өзгөн шаардык кеңешиндеги 31 депутаттык орунга сегиз партиядан 431 талапкер ат салышууда. Шаарда үгүт иштери кызып турганына карабастан жарандардын арасында шайлоого жана шайлануучуларга болгон ишеним аз экени байкалат.
Ош шаарында жыйырма чакты журналист электр энергиясынын көп өчүрүлүп жатканын териштирүүгө чыкты. Алар бул аракеттерин жарыктын жоктугу жумушка кедергисин тийгизиши жана жергиликтүү калктан даттануулар түшүп жатканы менен негиздешти.
Баткен облусундагы Кадамжай райондук «Эл жарчысы» гезити сайт ачып, бир айдан бери аймак жаңылыктарын интернет аркылуу жайылтып жатат. Борбордук гезиттер интернет айдыңына чыга албай турган учурда райондук басылма буга кантип жетишти?
Өзбек тектүү кыргызстандык жарандар жаманчылыктарга болушунча азыраак чыгым сарптаганы менен тойдон эч аянышпайт.
Каракулжалык жеке ишкер Бейше Намашамов өз эсебинен Сай айылына төрөт үйүн курдуруп, бардык заманбап жабдыктары менен кошо мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Төрт адамдын өмүрүн алган ажаткананы жабуу чечими 2008-жылы эле чыгарылганы айтылууда.
Кара-Суу базарындагы түбү түшүп кеткен даараткананын чуңкурунан төрт адамдын сөөгү табылды.
Кара-Суунун борбордук базарындагы коомдук даараткананын асты түшүп кетип, жоон топ киши анын чуңкуруна кирип кетишти.
Ошто маршруттук унаалардын айдоочуларынан куралган "Автомобилчи" аттуу футболдук команда түзүлдү.
15-октябрда Оштун Кара-Суу районунда Айылдык аялдардын эл аралык күнүнө арналган тынчтык акциясы өттү.
АКШдагы Нортвестерн университетинин профессору, журналист, Укук адистиги боюнча доктор Жейн Кертли Кыргызстанга келип, сөз эркиндиги тууралуу медиа кызматкерлеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп жүрөт.
Ажылык сапарга аттанчулар милдеттүү түрдө ала турган медициналык эмдөөдөн кийин Кара-Суу районунда бир аял каза таап, анын абышкасы ооруканага жатты. Алардын ден-соолугуна чын эле ошол вакцина таасир эттиби же жокпу, азырынча аныктала элек. Маркумдун туугандары бул иш боюнча бир да укук коргоо органына кайрылган эмес.
Ош облусундагы ВИЧ илдеттүү энелер оорунун жугуу себептерин текшерип берүүнү өкмөттөн талап кылганы жатышат.
Дагы жүктөңүз