Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Оштогу салтанатка эл көп чогулду


Оштун борбордук аянтындагы салтанат, 31-декабрь, 2012.
Оштун борбордук аянтындагы салтанат, 31-декабрь, 2012.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанатка 50 миңдей адам келгени айтылууда.

Оштун борбордук аянтындагы жаңы жылдык салтанат быйыл демейдегиден өзгөчө болду. Аянтта эл көп болгону менен жаңы жыл түнү өзгөчө кылмыштар катталган жок.

Майрам Ош облусунун аймагында да тынч өткөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширалиев билдирди. Ош калаасында деле майрам түнү тынч өткөндүгүн шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Анын айтымында, мушташ, ичип алып машине айдоо сыяктуу майда мыйзам бузуулар катталып, аларга милиция тийиштүү чараларды көргөн.

Ошто Жаңы жылды тосуу үчүн 2,3 миллион сомдук фейерверктер атылды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бийикке атылчу өзгөчө салюттар Кытайдан сатылып алынган. Буга каражат демөөрчүлөрдүн эсебинен жумшалды. Салюттар 3 этапта 15 мүнөттөн атылды. Алгачкысы кечки саат 8де, анан 10до жана 00.00дө. Тарсылдаган үндөр түнкү саат экиге чейин токтогон жок.

Шаар жетекчилигинин айтымында, Оштун борбордук аянтында 31-декабрь күнү саат 6дан түн жарымга чейин 50 миңдей адам келип кетти. Кечки саат 8де башталган салтанатка 25 миң адам катышканы айтылууда.

Адамдарды үйлөрүнө жеткирүү үчүн 10 чакты чоң автобусту, 20дай кичи автобусту Транспорт агенттиги бөлдү.

Өткөн жылдардан айырмаланып, быйыл борбордук аянтка өзбек тектүү жарандар да майрамдаганы чыгышты. Айрым укук коргоочулар соңку жылдары өзбек улутундагылар коомдук сейилдөөлөргө чыкпай калганын айтышкан эле.
Оштогу жаңы жылдык салтанаттан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG