Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кара-Сууда бир топ киши дааратканага түшүп кетти


Сүрөттөрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жиберди.
Сүрөттөрдү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жиберди.

Кара-Суу шаарынын борбордук базарындагы коомдук даараткананын асты түшүп кетип, жоон топ киши анын чуңкуруна кирип кетишти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү кызматы 12 кишини куткарып, ооруканага жеткиргендигин, алардын биринин абалы начар болуп жаткандыгын кабарлады. 12 кишинин экөө эркек, тогузу аял жана бирөө бала.

Кырсык болгон учурда дааратканада канча киши болгондугу тактала элек. Чуңкурга түшүп кеткендердин арасында мерт кеткендер да болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Куткаруу иштери үч крандын жардамы менен уланууда.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, жакындарын издеп, 6 киши милициянын көчмө кабылдамасына кайрылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов:

- Бирок астында курмандыктар болуп калышы мүмкүн, азыр Оштогу куткаруучулар иштеп жатышат. Баарын тактап, бетондорун чыгарып, издеп жатышат. Азырынча эч ким так маалымат айта албай жатат. Бирок 5-10 киши өлдү деген туура эмес.

Кабарчыбыздын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге куткаруучу ар түрдүү техника тартылган.

Кара-Суу базарындагы 40 орундуу бул даараткананын имаратын 2003-жылы маркум депутат Баяман Эркинбаев курдурган. Анын 2007-жылдан бери жергиликтүү ишкер Муса Абышев иштетип келет.

Даараткананын чуңкурунун тереңдиги 5-6 метр деп айтылууда. Анын үстү цемент менен жабылган.

Кара-Суу - Кыргызстандагы экинчи ири базар.

XS
SM
MD
LG