"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
“Азаттыктын” студиясына алыскы Баткен шаарынан келген “Айгүл-Тоо айымдары” элдик фольклордук тобунун катышуучулары баш бакты. Элеттен келген бул чыгармачыл топтун курамында дарыгер, ишкер, мугалим, чебер байбичелер бар.
Милдетин өтөп жатып каза болгон аскердин жесири Нуржан Акимканова “Азаттыкка” Коргоо министрлиги мыйзамдуу батирин бербей келет деп кайрылды. Ал министрликтин жоболоруна ылайык батир алууга бир эмес, эки укугум бар деп айтууда.
Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал районунун тургундары айдоо жерлери толугу менен аскерлердин карамагына өтүп кеткенине нааразы болуп, борбордук бийликке кайрылуу жолдоду.
Мамлекеттик каттоо кызматынын биометрикалык маалымат топтоо жараянында эки паспорту бар жарандардын саны миңдеп саналары маалым болду.
Бишкекте өткөн ислам радикализмине каршы күрөшүүгө багытталган симпозиумга 16 өлкөнүн муфтийи, дин жаатындагы илимпоздор жана имам-хатибдер катышты.
Талас облусунун Бакай–Ата районунун тургундары мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бирөөнүн ижарасындагы жерин мыйзамсыз ээлеп алды деп коомчулукка кайрылды.
Борбор Азия мамлекеттери биргелешип аракеттенбесе, "Ислам мамлекети" радикал тобунун коркунучтарына туруштук берүү кыйын.
Бир аптада өкмөттүн карамагындагы үч жетекчи кызматынан чегинди. Айрыкча каржы министринин өз каалоосу менен кызматынан кетиши коомчулукта мамлекеттик жетекчинин жоопкерчилиги тууралуу талкууга жем таштады.
Жаратылышты коргоо мамлекеттик агенттиги Интерпол менен биргеликте атылган ак илбирстин жанында сүрөткө түшкөн адамдын ким экендигин жана ал кайсы жерде тартылгандыгын аныктоо боюнча иликтеп жатат.
Укук коргоо органдары Фейсбук аркылуу кыргызстандыктарды жихадга үндөөгө шектелген чек арачынын үстүнөн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда аны менен иштегендер, чогуу жүргөндөр суракка алынууда.
“Элдик лотерея” соода маркасы астында иштеп жаткан «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ишканасын негиздеген адамдар Түркия жана Интерпол тарабынан издөөдө жүргөнү айтылууда.
Динаятчылар жана айрым эл аралык эксперттер буга чейин даават ишинин Кыргызстандагы таралуусун ийгиликтүү деп эсептеп келсе, соңку мезгилде бул диний системаны радикал көз караштагы уюмдар өз максатына жетүү үчүн колдонуп жатат деген пикирлерлер айтыла баштады.
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин чет жерде качып жүрүшүн анын өмүрүнө болгон коркунуч менен байланыштырышууда.
Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына акча сунмайын майыптык топ ала албай жаткан учурлар коомчулукта арбын айтылып келет.
Өткөн жумада "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Оштогу кеңсесинде УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.
Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсү “Стилсофт” ишканасынын арыз-документтерин иликтеп, бери дегенде он жалган маалыматты аныктады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун “аракечтик жана дени сактык” боюнча соңку доклады жарыяланды. Анда кыргызстандыктардын жети пайызы алкоголго көз каранды экени белгиленген.
Улуттук банк Кыргызстанда сомдун долларга карата нарксыздануусу боюнча түшүндүрмө берди.
Соңку мезгилде Кыргызстан жаштарынын арасында “спайс” деп аталган маңзат аралашмасы тездик менен тарап жатат. Ал гана эмес, бул маңзат окуу жайларда да сатылганы айтылууда.
Өткөн жумада "Азаттыктын" редакциясына Украинанын чыгышындагы жаңжалга катыштым деген адам баш баккан.
Дагы жүктөңүз