Эксперттер бул көрсөткүч кооптуу экенин айтып, көчмөндөрдүн организминде алкоголду нейтралдаштыруучу ферменттердин жетишсиздиги түз эле өлүмгө түртөрүн айтышууда. Иликтөөдө Тажикстан эң көп ичимдик ичкен өлкө катары көрсөтүлгөн.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсүндө, Европа, Кавказ жана Борбор Азия аймагы боюнча 15 жаштан өйдө ичимдик ичкендер категориясы боюнча Кыргызстан 52 өлкөнүн арасында 43-орунда. Ар бир ичимдикке ыктаган адамга 11 литрден ашуун алкогол туура келет экен. Тизме башына Тажикстан чыгып, киши башына 30 литрден спирт ичимдиги туура келген.
Эл аралык иликтөөдө мындан тышкары кыргызстандыктардын жети пайыздан ашууну алкоголизм белгилери менен жашары аныкталган.
Кыргызстандагы “Дем-Нур” наркологиялык борборунун жетекчиси Шайлообек Өмүралиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку изилдөөсү так жүргөнүнө күмөн санайт. Ал эгер көрсөтүлгөн сандар так болсо, анда ичкилик коңгуроосун кагуу керектигин билдирди:
- 11 литр дегени өтө эле көп, жогорку көрсөткүчтүн өзү 8 литр. Эгер көрсөткүч туура болсо анда кызыл жарык күйүп, SОS сигналын басуу керек. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бишкекти гана изилдесе керек. Айылдарда көрсөткүч кыйла төмөн.
Нарколог Шайлообек Өмүралиев Кыргызстанда ичимдик ичкендердин жалпы саны аз болгону менен кыргыздын организминин алкоголго болгон туруктуулугу өтө төмөндүгүн белгилейт. Дарыгер көчмөн элдер спирт ичимдигинен башка улуттагыларга карганда көбүрөөк жабыр тартарын айтты.
- Азыр аракеч деп катталгандардын жаш өзгөчүлүгү бирдей болуп калды. Дагы белгилеп кетчү жагдай, учурда аракечтердин арасындагы аялзатынын үлүшү кыйла өсүп, 25 пайызга жетти. Аракка туруштук берип, аны организмде эритип жок кыла турган эки фермент бар. Ошол ферменттер көчмөндөрдүн организминде, анын ичинде кыргыздар менен монголдордо аябай төмөн. Арак ичсе токтоно албай, баш-оту менен кирип кеткени ошондон. Кавказда же Европада жашаган элдер, башкача айтканда, жүзүмдү көп жегендер алкоголго туруштук бере алат.
Эксперттер ичкиликтен жабыр тарткандардын санынын азайбаганына Кыргызстанда көмүскө спирт ичимдиктерине көзөмөл жүрбөй жатканын да кошуп келишет.
- Өлкөдө чыгарылып жаткан арактын 72 пайызы көмүскөдө жасалат. Жасалма арактар эки-үч пайызды эле түзөт. Бизде сапаттуу эле арак сатылып жатканы менен алардан салык түшпөйт, - деди Алкогол продукцияларын өндүрүүчүлөр биримдигинин президенти Турсунбек Куренкеев.
Учурда Кыргызстанда арак чыгаруучу сегиз ишкана бар. Салык кызматынын Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматына ылайык, жылына мыйзамсыз арак чыгарып иштеген миңден ашуун факт катталып турат.
Кыргызстанда бир жылда төрт миллиондон ашуун декалитр арак ичилет.