"Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.
Милиция кызматкерлери кыздай болуп кийинген эркек баланы суракка алып, чечиндиргени тартылган видео тасма боюнча ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Өз иликтөөсүн кумсалардын укугун коргогон "Лабрис" уюму да баштады.
Өзүн Украинанын чыгышындагы уруштарга катышып келдим деп тааныштырган адамдын айтканына караганда, "Луганск элдик республикасы" деп аталган аймакта 17 кыргызстандык согушуп жүрөт.
Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун кыргыз паспорту боюнча Тышкы иштер министрлиги маалыматтарды расмий тактап берүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылды.
Парламент Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка жарандарды жана алардын жүгүн өз алдынча текшерүүгө уруксат берди.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасын аныктады.
Кыргызстан май айында Евразия экономикалык биримдигине кирери менен машине ташуучулар орус базарына ыктаары айтылууда.
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда былтыр жайында аялын токмоктоп өлтүрүп, дарыянын боюна таштап салган адамды Ысык-Көл облустук соту 20 жылга кести.
Орусияда акчанын кунунун түшүшү жана миграция саясатындагы өзгөрүүлөр эмгек мигранттары арасында мекенине кайтууну каалагандарды санын көбөйттү. Кыргызстандык эмгек мигранттары бул көйгөйдү башынан кантип өткөрүп жатышат? “Азаттыктын” кабарчыларынын апта темасына арналган макалаларын сунуштайбыз.
15-февралда Бишкектин тургуну 24 жаштагы аялын сабап өлтүрүп салган. Февралдын жарымында эле үй-бүлөдө аялга карата зомбулук көрсөтүлгөн ондон ашуун учур катталды.
Кыргызстанда соңку мезгилде курал сатып алуучулардын саны өсүүдө. Ага болгон суроо-талапка байланыштуу курал саткан дүкөндөр да көбөйүп жатканы айтылууда.
Лос-Анжелесте поп-музыканын башкы окуясы аталган Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Америка үн жазуу академиясы 83 номинация боюнча сыйлыктарды ыйгарды.
АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды ушул жумада киргизиши мүмкүн. Ак үй жаңы санкциялар, мунайдын арзандоосу жана рублдун нарксыздануусу Москваны Украинадан оолактатат деген үмүттө.
11-декабрда Брюсселдеги орус элчилигинин маданий борборунда Чыңгыз Айтматовго арналган көргөзмө ачылды.
Өткөн айдын аягында Батыш Казакстан облусунун Березовка айылында 25 окуучу, бир канча чоң адам ууланып ооруканага түшкөн.
Иран, Ооганстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Кытай төрт жылдан бери өз ара талкуулап келаткан темир жол куруу долбоорунун алгачкы документине кол коюлду.
ЮНЕСКОнун лаваш нанды Армениянын маданий мурасы деп каттап бергени Азербайжан менен Түркияга жаккан жок.
Гонконгдо демократиячыл активисттердин өкмөт отурган имаратты курчоого алуу аракетине полиция катуу каршылык көрсөттү.
Казакстандан Сирияга “жихадга” кеткен балдарын издеген ата-энелер көбөйдү.
Интернетте пайда болгон секс-видео тажикстандык саясий активист Галати Баротованы түйшүккө салды.
Дагы жүктөңүз