Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова эски жыл соңунда Ташкент облусунун Зангиата районундагы №21 аялдар колониясынан жатак абакка которулганы белгилүү болду.
Учурда жүздөгөн борбор азиялык мигранттар Мексика менен Америка Кошмо Штаттарынын чек арасындагы депортациялоо борборунда кармалып турат. Алардын катарында быйыл март айында президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко берген өзбекстандыктар да бар.
Кыргызстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө пенсия жыл сайын өсүп жатат. Бирок жашоочулар пенсия көбөйгөнү менен аны инфляция “жеп”, күнүмдүк тиричиликке да жетпей жатканын айтышууда.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Булактар билдиргендей, ал долбоордун алкагында 20 турак жай түрттүрүлгөн. Атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.
Өзбекстан дүйнөдө алтын экспорттоо боюнча биринчи орунга чыкты. Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин статистикасында расмий Ташкент март айында 11 тонна баалуу металл сатканын көрүүгө болот.