"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов көзү тирүү болгондо 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адамдын турмушу» баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Бишкектеги Спорт сарайынын алдында Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Ал үчүн республикалык штаб ачылып, ага шаар тургундары азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана башка зарыл оокаттарды тапшырууда.
Ноокен районунун Достук айыл аймагынын тургундары 20 көчөгө гүлдүн он чакты түрүн өстүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик көчөлөргө гүл койгуч жасап, атайын идиштерди орнотуп берген. Көз жоосун алган гүлдөрдү негизинен жол боюндагы үйлөрдүн жашоочулары карайт.
Кыргыз-казак чек арасында жук ташуучу унаалардын узун кезеги кайра жаралды жаралды. Кең-булуң авто-жол" өткөрүү бекетинде ушул тапта 60ка чукул машине 10-15 сааттан бери өтө албай турат. Кыргызстандын өкмөтү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, абалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.
11-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарында мектеп директорлугуна талапкерлер сынак тапшырды. Тестирлөө аркылуу Баткендеги 98, Жалал-Абад облусундагы 158 мектепке жаңы директор дайындалат. Министрлик өлкөдөгү миңдей мектептин жетекчиси сынак менен башынан тандала турганын билдирген.
Токмок шаарында “карындашын коргоп, адам өлтүрүүгө” шек саналган Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Анын карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды.
Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизди. Акыркы кезде анын килограммы 100 сомго чыкты. Украинадагы согуштун кесепети, кургакчылык дүйнө жүзүндө тамак-аш баасына таасир эткени, анын эпкини Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнү айтылууда. Экономисттер мындай учурда ар бир өлкө өз өндүрүшүн өргө жылдырышы керектигин белгилешүүдө. "Азаттык" тамак-аш баасы карапайым элге кандай таасир эткенин билүү үчүн шаардыктарга микрофон сунду.
Кыргызстандык бир катар аймактарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен 1150дөй адам убактылуу жайларга көчүрүлдү.
14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты. Алар эки өлкөнүн чектеш аймагындагы акыркы жаңжалга тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, чек араны тынчтык жолу менен тактоону талап кылышты. Милиция айрым жазууларды "агрессивдүү маанайда" деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.
Чек ара кызматы бүгүнтөн тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөнү токтотконун билдирди. Эми кыргызстандык жарандар коңшу өлкөгө эч тоскоолдуксуз өтө алат. Бирок, коронавируска байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу керек.
Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Жумуш берген тарап муну четке кагууда. Бул окуяны милиция териштирүүдө.
Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театры жакын арада Георгий Хугаевдин «Кара чапан» спектаклин коюуга кам көрүп жатышат. Маданий жайдын өз имараты болбогондуктан чыгармачыл жамаат Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр таетрынын бир бөлмөсүндө гана иштеп келишет.
16-мартта Чүй облусттук ооруканасында мурдагы саясатчылар, өнөрпоздор, дарыгерлерден турган топ хирург-академик Эрнист Акрамовдун кадыр-баркын коргоо боюнча атайын штаб түзүштү.
Физика-математика илимдеринин доктору, белгилүү окумуштуу Аманбек Жайнаковду акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 10-мартта Улуттук илимдер академиясында өттү. 350дөн ашуун эмгектердин автору болгон академик менен коштошуу зыйнатына белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маркумдун жакындары катышты.
Биринчи май райондук соту “улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшембиевди эки айга камакка алды. Телеканал 3-марттан бери эфирге чыкпай, кеңсесине мөөр басылып турат.
Украинадагы окуялардан кийин валюта рыногундагы абалга байланыштуу президент Садыр Жапаров элди алтын куймаларын сатып алууга чакырган, андан бери алтын алууну каалагандар көбөйдү. Улуттук банкта эки - үч сааттап кезек күткөндөр бар.
Бишкекте америкалык сүрөтчү Рафаэль Варгас-Суарестин көргөзмөсү ачылды. Варгас-Суарестин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү адаттан тыш, абстрактуу көркөм сүрөттөрдү жараткандыгында.
Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков Бишкекте ооруканада дарыланууда. Акыйкатчы институту кыргызстандык жарандардын Казакстанда полициядан кыйноого кабылганына байланыштуу БУУга кайрылмакчы.
Кыргызстанда азык-түлүктүн, бензиндин баасы күн санап өсүп жатат. Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 70%га кымбаттаган. Ал эми суу май менен кумшекердин баасы 19 пайыздан 21 пайызга чейин жогорулаган.
Дагы жүктөңүз