"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
2020-жыл өзгөчө жыл болду. Дүйнөнү COVID-19 пандемиясы каптап, миллиондогон адамдын өмүрүн алды. Мындай апаат Кыргызстанды да айланып өткөн жок. 2020-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, саясий окуялар да көп болду. "Азаттык" 2020-жылдын урунттуу окуяларын сунуштайт.
"Биримдик" партиясынын талапкери Марат Аманкуловдун Орусиянын делегациясы менен жолугушуу учурунда сүйлөгөн сөзү коомчулукта кызуу талкууга алынды. Ал эми талапкер Аманкулов Интернетке тараган видеодо сөзү бурмаланып калганын, ал чагым болуп саналарын билдирди.
Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча талаштуу долбоорду баштады. 252 миллион сомго бааланган курулуш иштери аягына чыгарынан күмөн санагандар да бар.
Москвада башка улуттун эркектери менен мамиле курган кыздарды таап, жазалоого чакырган видео тарады. Бул видео Интернетте кызуу талкууга алынып жатат.
Өкмөт өткөн жумада эле 13 даана "Тез жардам" машинесин сатып алган. Анын бири бир жума өтпөй эле Ысык-Көлгө бара жатып бузулуп калды.
Коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “хижама даба экени” тууралуу видео соцтармактарга желдей тарады. Дарыгерлер бул ыкмага таптакыр каршы.
Кыргызстанда пандемия маалында ири ишкерлерден баштап, ардагерлер, чет жердеги мекендештер кала берсе мектеп окуучуларына чейин башкаларга жардам берип жатышат.
Баткен шаарында бүгүн, 21-февралда кыргыз-тажик өкмөт аралык чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат. Ага Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим катышууда.
Казакстандын Кордай районундагы 8-февралга оогон түнү болгон башаламандыктан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти. Эки адам ооруканада каза тапканы кабарланды. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Кыргызстанга өтө качкандардын айрымдары менен сүйлөштү.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан.
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүүнү талап кылган акция өттү.
Таласта жергиликтүү тургундар кармап алган ак илбирс Бишкекке алып келинди. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына ылайык, учурда ал Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, текшерилип жатат.
Баткен облусунун Чек айылынын кыз-келиндери жаңы жылды сергек маанай менен тосушту. Аталган айылда аялдарды спортко кызыктырган фестивал өтүп, иш-чарага жүзгө жакын кыз-келиндер катышты.
Бүгүн, 9-январда Бишкектин так ортосунда «FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалды. Журналист кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Ал жетектеген «FactCheck» сайты акыркы кезде бир катар чуулгандуу материалдарды жарыялаган.
Бишкекте "Республика" партиясынын курултайы өттү. Анда партиянын саясий кеңешинин төрагалыгына Мирлан Жээнчороев шайланды. Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов саясаттан биротоло кеткенин айтып, мындан ары өлкөгө инвестиция тартып, сот реформасын жүргүзүүгө көмөктөшөрүн билдирди.
«Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыкты. Китепти Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жазып, сүрөтүн Замир Илипов тарткан. Чыгарманын бет ачарын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурду.
Ысык-Ата районунун Станция Ивановка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарды баккан энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, атайын концерт уюшулду.
"Дордой" базарынын ылдый жагындагы Адилет жаңы конушунун тургундары он жылдан бери конушка таза суу кирбей жатканына нааразы болуп митингге чыгышты. Алар бийликтен маселени тезинен чечип берүүнү өтүнүшүүдө.
USAID каржылаган “Демилгелүү Жаштар” долбоору жыл сайын жаштардын форумун уюштуруп келет. Максаты жаштардын башын бириктирип, алардын оюн угуп, көйгөйлөрүн чогуу талкуулап, багыттарды аныктап, аны чечүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.
19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын беттешинде оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Курама командалардын башкы машыктыруучуларынын жана футболчулардын оюн тууралуу пикири.
Дагы жүктөңүз