Кыргыз-казак чек арасы: суткалап кезек күткөн айдоочулар
Чек ара кызматы бүгүнтөн тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөө алынганын билдирди. Эми кыргызстандык жарандар коңшу өлкөгө эч тоскоолдуксуз өтө алат. Бирок, коронавируска байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу керек. Ал арада "Ак-Тилек" кыргыз-казак унаа өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу машиналардын узун кезеги пайда болду. 300дөн ашуун унаа турган чек арада айрым айдоочулар үч суткадан бери өтө албай турат.