Заманбап медицина кайсы тарапка бара жатат? Бул тармакта кандай жаңы багыттар пайда болууда? Пандемия медицинага болгон мамилени кандай өзгөрттү? Жасалма интеллект менен медицина кантип айкалышат?
Каракол шаарынын Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан бир учурда 5 анестезиологдун кетиши медицинадагы көйгөйлөрдү ачыктады.
Америкалык режиссер Фрэнк Чи теги тайвандык баскетболчу Жереми Лин жөнүндө тарткан даректүү тасмасы менен таанымал. Ал Бишкекте бир нече күн жаштар менен иштешип, аларды өз кыялына жетүүгө шыктандырды. Фрэнк Чи ат жалында "Азаттыкка” маек курду.
Майрамдар алдында гүлгө суроо-талап кескин өсөт. Андыктан гүл сатып киреше табам дегендердин майрам алдында жумушу көбөйөт. “Азаттык+” бул ирет көз көнгөн кооздуктун көрүнбөгөн түйшүгүн көрсөтөт.
Соңку жылдары кыргыз коомунда 23-февраль майрам катары белгилениши керекпи же жокпу деген суроо талкууланып келет. Айрымдар бул датаны советтик доордун мурасы катары сыпатташып, согушту романтизациялоону токтотуу керектигин айтышат.
Эрте жашынан дары баңгилигне байланып калган өспүрүмдөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Дары баңгилиги - бул күчтүү таасир этүүчү дарыларга көз каранды болуп калуу.
14-февралда Бишкекте Евробиримдиктин жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Брюсселдин атайын чабарманы Томас Никлассон "Талибандын" башкаруусундагы Ооганстандагы кырдаал жана Борбор Азиянын ролу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
12-февраль белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү. Бул күндү утурлай анын айылында журналистти эскерүү иш-чарасы өттү.
Соңку жети жылда экинчи ирет катталган кырсыктан кийин адистер Бишкектеги жылуулук электр борборун жаңылоодо жаңыча ыкмаларды да карап көрүү зарыл экенин айтууда. Өкмөттүн маалыматына караганда жылуулук борборун оңдоого байланыштуу Орусиядан кошумча адистер келет.
Бишкекте “Балам үчүн кыргызча контент” деп аталган эркин талкуу форматында конференция өттү. Ага катышкан тилчилер, адабиятчылар, илимпоздор ушул тапта балдарга арналган китептердин аз болуп жатканын талкууга алышты.
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке келип түштү. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамда журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.
Узап бараткан жылда саясатта тамаша, мемге айланган учурлар көп эле болду. Салтка айлангандай эле эл эсинде калган күлкүлүү учурларды Нурболот Азамат баяндайт.
Стив Свердлоу – Эл аралык HRW уюмунун Борбор Азия боюнча мурдагы улук изилдөөчүсү, аталган уюмдун Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүктөрүн жетектеп келген укук коргоочу катары таанымал. Бирок анын көпчүлүк биле бербеген дагы бир кызыктуу өнөрү бар.
“Элдин балдары” видеоподкастынын бул жолку коногу - скульптор Тамила Маматова. Элеттик кыз кантип эл аралык деңгээлде таанылган айкелчиге айланды? Өнөр аркылуу жарандык позицияны туюнтуу мүмкүнбү? Скульпторлордун жаңы мууну эмнеге муктаж? Маектен көрүңүз.
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп келаткан “Умтулуу-2023” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 15-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынакка быйыл жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү сунушуна каршы пикирин билдирип, тынчтык митингине чакырган жарандык активист Афтандил Жоробеков эки айга камалды.
Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда кабыл алды. Ал арада коомчулук, жаштар бул демилгеге каршы экенин билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз