"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Айрыкча Жогорку Кеңеште айрыкча акыркы күндөрү бул талкуу өзгөчө кызыды.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, прокуратура органы саясаттан тыш иш алып барарын билдирди. Ошондой эле ал коррупция менен аёсуз күрөш жүргүзүп, бирок саясий куугунтук менен алектенбестигинин айтты.
Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.
2-ноябрда «Дордой» базарынын сатуучулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар Кытайдан товар алып келүүнү камсыздап берүүнү өкмөттөн талап кылышты. Алардын айтымында, Кытайдан алдырган товарлары чек арадан өтпөй, жаңы сезонго товары келбей калган.
Үч жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчтү.Тогуз үй-бүлө Алайда өкмөт салып берген үйлөрдө жашай турган болушту. Эки үй-бүлө Нарын облусунун аймагында калышты.
Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү.
22-октябрда Жогорку сот абакта каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча маркумдун жесири Кадича Аскарованын кассациялык арызын карап сот отурумун 30-октябрга жылдырды.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Садыр Жапаровдун өзүнүн дарегине карата сегиз жыл мурда айткан маалыматын төгүндөдү.
"Азаттык" жаңы өкмөттүн акыркы кадрдык дайындоолору боюнча коомчулуктун пикирине кызыгып көрдү.
Айчүрөк Абдалиева Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну. Ал жаратылышы катаал бул аймакка быйыл жашылча-жемиштин түрүн айдап, айылга жаңылык киргизди. Негизинен мал чарбасына басым жасаган атбашылыктар дыйканчылыкка көп көңүл бурушпайт деле. Бирок Абдалиева жайлата тер төгүп, помидор, бадыра
Финансы полициясы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салды.
ЖАМК бир апта ичинде аларга издөө жарыялай турганын билдирди.
Памирден Ат-Башыга көчүп келгенине эки жыл болгон Хабибулла үйлүү болду. Ага үйдү айылдагы демөөрчүлөр салып берди. Бири жерин бекер берсе, дагы бири курулушка кеткен чыгымды толугу менен көтөргөн. Демөөрчүлөр эми мал короону да куруп берүүнү пландап жатышат.
Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.
Акыркы күндөрдөгү башаламандыктан улам 6-октябрда Таластагы Жерүй алтын кенинде имарат өрттөлдү. Белгисиз адамдар Нарындагы Кара-Кече көмүр кенин басып алышты. Мындан тышкары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Терек-Сайда жайгашкан алтын комбинаттары ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) сөз сүйлөп, Кыргызстан экологиялык дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга сүрөй турганын билдирди. Пандемияга байланыштуу БУУнун быйылкы жыйыны видео байланыш аркылуу өттү.
Социалдык тармактарда "«Биримдиктин» талапкери Улан Бакасов добуш сатып алууга аракет кылды" деген дагы бир видео тарады.
Дагы жүктөңүз