Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Алмазбек Атамбаев колонияга которулду


Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстандын 11 жылга соттолгон мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 27-октябрда №47 абакка жөнөтүлдү.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошоп кеткенине байланыштуу соттолгон Атамбаев буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген. Ал Азиз Батукаев, Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Кой-Таш боюнча сот отурумдарынын ачык мүнөздө өтүшүн талап кылууда.

Адвокат: Атамбаевдин ден соолугу начар

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкектин №1 тергөө абагынан №47 колонияга котормой болушту. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын 27-октябрдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алынганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери УКМКнын тергөө абагында болуп келсе, бир күн мурда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Соттолгондор адатта аталган №1 тергөө абагынан башка колонияларга бөлүштүрүлөт.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес экенин билдирди:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«УКМК Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, үй камагына которуу боюнча соттун чечимин аткарбай койду. Биз анын ден соолугу начарлап кеткенин, медициналык жардамга муктаж экенин эске алып, Атамбаевди №47 колонияга которуп берүү жөнүндө өтүнүч киргизгенге аргасыз болгонбуз. Анткени ушул жылдын 2-сентябрь күнү «Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которобуз» деп айтышкан. Бирок ошол эле күнү сот отуруму болуп, анда прокурорлор Атамбаевди которбой турууну суранышкан. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган. 6-октябрь күнү сот Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча токтом чыгарган. Бирок УКМК «бизде Батукаеевдин иши боюнча соттун өкүмү бар, ошону аткарышыбыз керек» деген шылтоону тапкан. Бирок Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан башка адамдар үй камагына чыгып кетишти. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан. Эми ал «сотторго катышам» деп жатат. Мыйзам буга жол берет. Бирок аны №47 колониядан соттук отурумдарга алып келе алышпайт. Ошондуктан соттук териштирүү бүтмөйүнчө аны үй камагына чыгарыш керек».

Буга чейин Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын баштаганы белгилүү болгон.

Адвокат Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушканын белгилеп, буга байланыштуу Атамбаев ачкачылык акциясын баштап, учурда анын абалы начарлап, кан басымы төмөндөп жатканын айтып чыккан.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков мурдагы президенттин камерада кармалуу шарттары тууралуу буларды билдирген эле:

Түрмө.
Түрмө.

«Атамбаев жалпы режимдеги камерага бөлүштүрүлдү. Анын ачкачылык жарыялоо боюнча маалыматы мекеменин жетекчилигине түшкөн эмес. Ал эми адвокат Замир Жоошевдин Атамбаев тууралуу билдирүүсү чындыкка жатпайт. Камералардын эшиктери жабык жана көзөмөлдө турат. Суу, канализация, жылуулук маселелери чечилген».

Атамбаевдин ачкачылык жарыялаганын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да ырастап, анын абалын көрүп келишкен. Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков мындай маалымат берди:

«Ал киши ачкачылыгын улантып жатат. Биз барганда кан басымын өзү текшерип, абактын дарыгерлерине ишенбей жатканын айтты. Ошондой эле ал негизги нааразылыгы катары соттук процесстер ачык өтүш керек экенин билдирди».

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Ага ылайык, сентябрдын башында №1 тергөө абагына которуу жана андан ары абаккка бөлүштүрүү аракети болуп жатканын Атамбаевдин тарапташтары айтып чыккан. Бирок 2-сентябрь күнү Биринчи май райондук соту Атамбаев дагы бир иш - Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандыктан УКМКнын тергөө абагында калтырган. Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталууда. Мында бир офицер каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Атамбаев өзү да ушул окуядан кийин кармалган. Бул боюнча сот уланып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов Атамбаевдин сот өкүмүнө ылайык колонияга которуу башталганын билдирди:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Мамлекеттик сырды алып жүрүүчү деп биз да эсептелебиз. Бирок ошого карабай №27, №47 колонияларда отуруп келдик. Мыйзамда «мамлекеттик сырды алып жүрүүчү» деп көрсөтүлбөгөндөн кийин бардык жарандар башка соттолуучулар сыяктуу эле бирдей шартта кармалышы керек».

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 16-октябрда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуусунда саясий мотивдер менен соттолгондорго өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп убада берген.

Ал эми андан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бир катар катар чуулгандуу иштерде жана журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып келген Райымбек Матраимовдун кармалып, чыгымды төлөп берүүгө убада бергенден кийин кайра бошотулушу тууралуу комментарий берип жатып, Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаев тууралуу да көз карашын айткан:

«Райымбек Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМКнын жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, «камакка алабыз» деп айтышты. «Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели» деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз».

Жапаров коррупцияга байланыштуу шек саналгандарды камагандан пайда чыкпай турганын, тескерисинче алардан каражат өндүрүү максатын айткан жайы бар.

Алмазбек Атамбаевди Жогорку Кеңеш 2019-жылы экс-президент деген макамдан ажыраткан. Бул чечим Атамбаевди соттоого жол ачкан.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу түрмөдөн чыккан. Алардын арасынан Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылган.

Тополоңдо түрмөдөн чыккан саясатчылардын арасынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов абакка кайта элек. Аларга эл аралык издөө жарыяланды. ЖАМК түрмөдөн чыккан эки саясатчыга берилген өргүү 12-октябрда бүткөнүн, өз эрки менен келишпесе укук коргоо органдары чара көрөрүн эскерткен.

17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан баш паанек сураганы тууралуу маалыматтар тараган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип, Исаковдун өзүндө документтери болбогонун айткан эле.

Исаков Молдовановка айылындагы №27, Ибраимов Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатышкан.

XS
SM
MD
LG