"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.
Сот жаза чектелген жарандардын ар бирине бир жылдан сынак мөөнөтүн берди.
Куршабдагы мал базар мурда ылаңдаган малды дарылоочу жай болгонун айткан жергиликтүү эл район жетекчилигине кайрылды.
Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат.
Жол кырсыгы 3-февралга оогон түнү Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында болгон.
Өзгөн районунун Большевик айылынын тургуну Нурмамат Бөрүбаев жубайы Ташбүбү Тагаева экөө 2005-жылы үй-бүлөлүк балдар үйүн ачып, 15 жыл ичинде 26 бала тарбиялашты. Алардын жарымын эрезеге жеткирип, турмуш жолуна салган.
Ошто кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү экени айтылган кишилер кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
2019-жылдын декабрь айында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Алар айылдагы эски мектептин бир имаратында жашап, экинчи имаратта билим алып жатышат.
Баткенде күйөөсүнүн токмогунан качып, үйдөн дайынсыз кеткен келин алты күндөн кийин табылды.
Талгат Алановго каршы беш кызматташы Ош шаардык сотуна кайрылды.
Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургуну Бурул Шакирова ата-энеси миграцияда жүргөн сегиз баланы багып жатат. Уул-кыздары миграцияда жүргөнүнө 15 жылдай болду. Сегиз небересин чоңойтуп жаткан чоң эненин үйүнө кабарчыбыз барып келди.
Кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги координациялык кеңешмесинде чек ара маселелери талкууланды.
Топографиялык жумушчу топко 1-мартка чейин жерлерди өз ара алмашуу боюнча варианттарды иштеп чыгуу тапшырылган.
Эки тарап алты маселе боюнча макулдашып, протоколго кол коюшту.
Баткен районун Көк-Таш айылынын тургундары айылды Тажикстандын менен байланыштырган жолду буушту.
Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.
26 жаштагы үч балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду.
"Азаттык" аймактар жашаган тургундардан "2019-жыл эмне менен эсиңизде калды жана жаңы жылга кандай тилегиңиз бар?" деген сурамжылоо жүргүздү.
Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков аны Ош аэропортунун жетекчилиги кысымга алып, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун ырастап, президентке кайрылуу жолдоду. Ал ошондой эле аэропорт коррупцияга малынган деп айтып чыкты.
"Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин башчысы Сапарбек Бакыевди 25-декабрда үйүнүн жанынан атып кетишкен.
Дагы жүктөңүз