Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашкан. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.
Баткен: чек арада кайрадан чыңалуу
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

1
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактардагы кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө турат.

2

3
Окуядан улам Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарылып, кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды.

4

5

6
Учурда Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык.

7
Көк-Таш айылы.

8
Мектепке жайгаштырылган жергиликтүү тургундар.

9

10
Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк жана Көк-Таш айылынын Көчө-Карын аймагында кыргыз жаранынын машинеси талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

11

12
Чек арадагы акыркы жаңжалга эки тарап бири-бирин айыптап жатат.

13

14

15

16