"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
Өзбекстан 1-сентябрда Эгемендик майрамын белгиледи.
Эне-бала Москвадагы төрөт үйүндө эле ажыратылган.
Орусиянын басылмаларындагы Борбор Азия тууралуу макалаларга сереп.
Орусияда "жарандыкты мыйзамсыз алган" деп айыпталып, паспортсуз калган мигранттар көп.
Кыргызстандык Мавлюда Жапарова Британиянын "Chevening" стипендиялык программасы аркылуу Вестминстер университетинде окуйт.
Орусиядагы төрт жүздөй кыргызстандык мигрант кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылды. Туладан жер сатып алып, там сала баштаган мекендештер жергиликтүү бийлик улуттук маселеден улам жерлерди кайрадан өкмөткө тартып алып жатканына арызданууда.
Москванын четиндеги Сергиев Посад шаарында кыргыз чабандестери орусиялыктарды көкбөрү оюну менен тааныштырды. Ачык асман алдында уюштурулган бул фестивалда Евразия элдеринин улуттук оюндары жергиликтүүлөрдү көңүлкош калтырган жок.
Мигранттардын арасында орус жарандыгын алууга умтулгандар көбөйгөнү байкалууда.
Ортомчулар аркылуу Орусияга барган мигранттар Москванын четиндеги ишканада эмгек эзүүсүнө кабылган.
Орусияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка курулган айрым имараттар эмитеден эле жарактан чыгууда.
9-июлдун таңында Москвада балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү Интернетте чукул таркаган.
Курама командасы акыркы жолу 32 жыл мурун плей оффко чыккан Орусия бир айда футбол күйөрмандарынын өлкөсүнө, ал эми Москвада футбол борборуна айланды. Орус калаасында үч жумадан бери өтүп жаткан футбол майрамы кыргызстандыктардын көз карашында.
Тулада беш жүздөй кыргызстандык үй-бүлө жер үлүшүнөн ажыроо алдында турат.
27-июнда Орусияда чет өлкөлүктөрдү миграциялык каттоого алуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилди.
Орусиянын басылмаларындагы борбор азиялык темаларга сереп.
Москвада эки жүздөй мигрант маянасын эки айдан бери ала албай келишет.
Орусиядагы социологиялык борборлор президент Владимир Путинге калктын ишеними июнь айында кескин төмөндөп кеткенин аныкташкан.
Дагы жүктөңүз