Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Москвада кыргыз кызы асынып каза болду


Сөөктү жөнөтүү.
Сөөктү жөнөтүү.

9-июлдун таңында Москвада балдар ойноочу аянтта асынып турган келиндин сүрөтү Интернетте чукул таркаган.

Социалдык тармактарда таркатылган кабарда сүрөттөгү келинди тааныгандар болсо, туугандары изделип жатканы айтылган.

8-июлда түнү Москвадагы Пожарский көчөсүндөгү короодо 24 жаштагы кыргызстандык А.Айгерим аттуу келин каза болгону аныкталды.

Москвадагы жарандык активист Улан Кошматов келиндин сөөгүн короодон жергиликтүү жашоочулар табышканын, ал өзү жанын кыйган деген тергөө божомолу айтылып жатканын билдирди:

Улан Кошматов.
Улан Кошматов.

- Сөөгүн орус кемпир көргөн экен. Анан короо шыпыруучулар менен полиция чакырышып, туугандарын издей башташыптыр. Апасы менен агасы Москвада экен. Бирок баары ар кайсы жакта жашашкан. Келин иштеген кафесине жакын жерде турган. Туугандарынын деле кабары жок экен. "Кыйналып жүргөн" дешет. Эми тергөө жүрүп жатат. Туугандары көрсөтмө беришти.

Маалыматтарга караганда каза болгон жаран Өзгөндүн тургуну. Ал Кыргызстанда жүрүп, Москвага 20-майда кайтып келген. Маркум алты жаштагы кызын жалгыз багып келген.

«…кызым акыркы убакта "бул жашоодо эч нерсенин кереги жок" деп, жашагысы келбегенин айтып калган. 5 же 6-июлда менин үйүмө келип, сумкасын документтери жана телефону менен калтырып кетиптир. Мен анын эмне үчүн мындай кылганын билбейм" деп жазылган маркумдун энесинин ИИМ бөлүмүндө берген көрсөтмөсүндө.

Полициядагы көрсөтмө.
Полициядагы көрсөтмө.

​Окуя боюнча Москванын Хамовники райондук тергөө комитетинде тергөө жүрүп жатат. Маркумдун сөөгү 11-июлда түнү Кыргызстанга жиберилери кабарланды.

Москвадагы консулдуктун юристи сөөктү жөнөтүүгө керектүү документтерди даярдоого көмөктөшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG