"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Туризмди өнүктүрүүгө багыт алган Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында туристтик фестиваль өттү. Нукура кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөткөн иш-чарага 300гө жакын чет элдик турист катышты.
Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун элүүдөн ашык тургуну банк кызматкерине алданып калганын айтып чыгышты.
Кыргызстандын аймагын 34 миң чакырым жол бириктирип турса, алардын 15 миң чакырымдан ашыгы ички жолдор түзөт. Бирок ички жолдордун абалы ал жолдо жүргөн жүргүнчүлөр менен айдоочуларды толук канааттандыра элек.
21-августта Караколдо желим, кагаз, картон жана айнек таштандыларды өзүнчө бөлүп чогулткан ишембилик өттү. Шаар бийлиги чогултулган кагаздын килограммын 6, картонду - 3, айнек – 2, желим - 5 сомго сатып алды.
Шаардын так ортосунда колго жасалган жандыктардын сөлөкөтү пайда болду. Караколдун жашылдандыруу чарбасы бугу, аюу, акыра жана таш баканы жасоо үчүн үч айга жакын эмгек кылган.
Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан келген спорчулар Ысык-Көлдү сүзүп өтүштү. 22 спортчу 14 чакырым аралыктагы көлдүн тескей тарабынан күңгөй жээгине 5 саат дегенде жетти. Алардын арасында мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары да болду.
Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылындагы минералдык суу талашка түштү. Кыргызстандын өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинен уруксат алган жеке үч тарап сууну бөлүшө албай убара.
Ысык-Көл облусунун Тосор айылында “Алтын кум-2019” фестивалы өттү. Ысык-Көлдүн тескей жээгинде экотуризмди өнүктүрүүгө, туристтерди тейлөө маданиятын жакшыртууга, жергиликтүү калктын социалдык абалын оңдоого көмөк көрсөтүүнү көздөгөн бул фестиваль Тосор айылында үчүнчү жолу өтүп жатат.
Бирок, алармандарды да, сатармандарды да баанын туруксуздугу тынчсыздандырууда. Мунун себебин ишкерлер ири соода базарларда суроо-талаптын азайышы, Евразия экономикалык биримдиктин тутумунда чек аралардагы узак текшерүүлөрдөн улам жемиштин сапатынын төмөндөп кетиши менен түшүндүрүп жатышат.
Расмий маалымат боюнча, Ысык-Көл облусуна өткөн жылы 1 миллион 20 миң киши келген. Быйыл аптапта көл жээги жергиликтүү эс алуучуларга толсо, Көк-Жайык, Каркыра жана Кырчын жайлоолору чет элдик меймандарды тосуп жатат. Айрыкча Кырчын этно-шаарчасы арабдардын эс алуу жайына айланды.