"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Миграцияда жүргөн энелердин саламаттыгы коркунучта. Дарыгерлер өзгөчө кош бойлуу аялдардын абалына тынчсызданып жатышат. Айы-күнү жеткиче өзүн карабай иштеп жүргөн аялдар өнөкөт ооруларга кабылып, анын таасири балдарына тийүүдө.
Кумтөр алтын кенинде акыркы айларда эле кырсыктан үч адамдын өмүрү кыйылды.
Ысык-Көлдүн алыскы Жыргалаң айылында мектеп окуучулары чет тилин өздөштүрүп, туристтерди тейлөөгө өттү. Жергиликтүү мектептин окуучулары акыркы эки жылдан бери англис тилин тереңдетип, атайын программа менен окушкан.
Акыркы эки күндүн ичинде эле Каракол шаардык паспорттук стол 300дөн ашуун жаранды каттоого тургузду. Бул Каракол шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылды.
Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясы өз бүтүрүүчүсүнөн 56 миллион сомдук жардам алды. Акчалай жардамды азыр Британияда жашаган, Орусиядагы эң бай 200 ишкердин бири Юрий Шефлер берди.
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат.
Акыркы эки жылдан бери Каракол тоо лыжа базасына келген эс алуучулардын 90 пайызын кыргызстандыктар түзүп жатат. Тоо лыжа базасынын башчысы Валерий Буйковдун ырасташынча, мындай көрсөткүчтөр менен үч жылдан кийин Каракол тыштан келген эс алуучуларга көз каранды болбой калат.
22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүштү.
22-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери акция өткөрүштү. Митингге чыккандар Садыр Жапаровдун камактан чыгарылышын талап кылып, "Кумтөр алтын кени Кыргызстандын пайдасына иштеши керек" деп билдирүү жасашты.
Ак-Суу райондук ооруканасында 10- январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Буга баланын көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактар негиз болгон. Дарыгерлер бала ооруканага өтө оор акыбалда жеткирилгенин билдиришти. Наристени баккан тарап кыздын жүрөк кемтиги ме
Ак-Суу райондук ооруканасында 10-январь күнү чарчап калган наристенин чоң энеси милицияга арыз менен кайрылды. Жабырлануучу бул кадамга секелектин көкүрөгүндөгү жана далысындагы көгала тактарды көргөндөн кийин барган.
Бензинге күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн 33 жаштагы келин Каракол шаарында облустук бириктирилген ооруканада дарыланып жатат. Ага бензин чачып өрт койду деп шек саналган жарандык никедеги күйөөсү эки айга камакка алынды.
Каракол шаарында күйөөсү өрт койгон Сатина аттуу келин учурда ооруканада жатат.
"Азаттык" аймактар жашаган тургундардан "2019-жыл эмне менен эсиңизде калды жана жаңы жылга кандай тилегиңиз бар?" деген сурамжылоо жүргүздү.
Ысык-Көлдө мал багып жүрөт деген 9 жаштагы Илья үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө которулуп, сабакка бара баштады. Келечекте президент болом деген жигиттин окуудагы жетишкендиктери жакшы. Ал жаңы үй-бүлөсүнө көнүп да калганын айтууда.
Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында тикмечи келиндер тобу аскер формаларын тигип, Орусияга экспорттоп жатышат. ФАПтын имаратында ачылган чакан тигүү цехинде азыр 15 аял эмгектенет. Цехтин ээси буюртма көбөйө турган болсо, айылдык кыз-келиндерге көбүрөөк жумуш ордун түзүүнү пландап жатат.
Ысык-Көлдө беш балалуу үй-бүлө тилсиз жоонун айынан үй-жайсыз калды. Үй-жайдан, тиричиликке керектүү бардык мүлкүнөн кол жууган бул үй-бүлө азыр кошунасынын бир бөлмөсүндө күн кечирип жатат.
Дүйнөлүк стандарт боюнча 4-орунда турган «Каракол» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Кар аз жаагандыктан лыжа тебүү мезгили өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 10-15 күнгө кеч башталды. Ошентсе да лыжа базага келгендердин саны көп.
«Зомбулукка каршы 16 күн» деп аталган жылдык салттуу акцияга кыргыз коомчулугу 26-ноябрда кошулду. Кыргыз өкмөтү үй-бүлөдөгү зомбулук кыргыз коомунда да олуттуу көйгөй экенин белгиледи. «Азаттыктын» кабарчылары бул көйгөйдү каармандар аркылуу ачып бергенге аракет кылышат.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
Дагы жүктөңүз