Эки жолу согушка барган ардагер
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Керимбай Элебесов азыр 96 жашта. Согушка эки жолу барып келген ардагер азыр Тоң районунун Кызыл-Туу айылында турат. Өзү Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган карыя биринчи ирээт согушка 17 жашында барганын айтып берди. Бутунан жараат алып, айылына келип айыккандан кийин согушка экинчи жолу 1944-жылы чакыртылган. Согуш талаасындагы башынан өткөргөн оор күндөр али да эсинде. Байбичеси менен 70 жыл бирге түтүн булатып, сегиз уул-кызга тарбия берген.
Тектеш
Чыгарылыштар
-
Февраль 09, 2025
"Аманды КГБда иштеген жылдар жабыркатты"
-
Декабрь 14, 2024
Сапаралиев: “Ыстаканда кантың бар” мага тагылган тумар болду
-
Декабрь 08, 2024
Арабаевдин тагдыры сахнада
-
Декабрь 07, 2024
Клара Шырдакова: Табылды экөөбүздү ичкилик өксүттү