"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
30-июнда "Асман" шаарынын курулушуна старт берилет. Президенттик администрациянын маалыматы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги бул шаар 500 миңге жакын адамга ылайыкташкан экологиялык таза калаа болот. Бийлик акыркы эки-үч жылдан бери убада кылган "Асман" шаары кайда курулат, анда кимдер жашайт?
Бармактайынан оор илдет менен кармашкан балдарга Бишкекте акысыз операциялар жасалууда. Табарсык, бөйрөк ооруларына кабылган жеткинчектерге Өзбекстандан жана Орусиядан келген хирургдар дарылоодо. Соңку жылдары Кыргызстанда тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көбөйүп жатканын дарыгерлер белгилешет.
“Орусофобияга” каршы күрөш Бишкекке да жетти. Кыргыз-Орус Славян университетинде алгач ректор кызматтан алынса, азыр 20га жакын окутуучу иштен кетүүнүн алдында турат. Иштен четтетилип жаткандар Орусиянын Украинадагы аскерий агрессиясына каршы көз карашын билдирген.
Бишкек шаарында таза суунун тартыштыгы ушул күндөрү эң чоң көйгөйгө айланды. Башкалаанын бир катар микрорайондорунда жана конуштарда суу тартыш болууда. Мэрия шаардагы суу түтүктөрдүн 80% эскиргенин, маселени чечүү үчүн 500 миллиондой сом зарылдыгын билдирди.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Кең-Булуң" өткөрмө бекеттеринде узун кезек пайда болду. Айдоочулар күндүн аптабында үч суткага чейин кезек күтүүгө аргасыз.
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылында жашоо жандана баштады. Шахтерлор жердеген кыштактын эли алыскы Европа өлкөлөрүнөн туристтерди чакырып, жаштары англис тилин өздөштүрүүдө.
Дагы жүктөңүз