Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Маңзат сатууга тартылган улан-кыздар көбөйдү


Кыргызстанда 2023-жылы синтетикалык маңзаттарды бекитип, коюп кетүүгө байланышкан 425 кылмыш иши катталды. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты жаштар көп колдоно баштаганын эскертип келет.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу жана талдоо башкармалыгынын башчысы Марсел Дөөталиевдин маалымат жыйынында билдиришинче, былтыр синтетикалык каражаттарды сатуу максатында ар жерге катып кетүүгө шектелип 56 адам кармалды. Анын экөө өспүрүм, калганы 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагылар.

"Синтетикалык баңгизаттар негизинен биздин өлкөгө Кытай, Иран, Ооганстан сыяктуу мамлекеттерден кирет. Айрым учурларда Орусиядан же Казакстандан ташылат. Алар эл керектөөчү товарлар катары жашырылып киргизилет. Акыркы кезде ар кандай электр кыймылдаткычтардын ичине салып өткөндөр болууда. Ошондой эле почта тапшырыктары аркылуу алып келген учурлар да бар", - деп айтты Дөөталиев.

Кылмыштуу чынжырчанын эң алдыңкы тепкичинде турган адамдар - курьерлер. Алар интернет дүкөндү уюштурган адамды көрбөйт. Курьерлер синтетикалык маңзаттарды айтылган даректерге жеткирип же бир жерлерге катып кетет. Бул үчүн акы алышат.

ИИМдин өкүлү кошумчалагандай, синтетикалык маңзат кирешелүү жана өндүрүүгө жеңил болгондуктан, өлкөдө маңзат лабораториялары ачылган учурлар да болууда. Алсак, укук коргоо органдары 2021-жылы 1, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы 4 лабораторияны аныктаган.

Ошондой эле 2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган.

Синтетикалык баңгизаттарды, психотроптук дарыларды таратуучулардын башында Кыргызстандан башка өлкөдө отурган дилерлер турат.

Алар көбүнчө социалдык тармактар, телеграмдагы тайпалар аркылуу онлайн сатылат.

Мындай учурда кардар баңгизатты кимден алып жатканын билбейт. Ал эми акчасын криптовалюта аркылуу которуу жолу уюштурулган.

"Сатып алуучу менен сатуучу көрүшпөй, акчасын онлайн которуп койгондуктан, бул ишке көбүнесе жаш улан-кыздар тартылат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери интернет айдыңында мониторинг жүргүзүп, криптовалюта жана акча которууларды көзөмөлгө алып келет", - деп кошумчалады Дөөталиев.

Дарыгерлер синтетикалык баңгизаттарды, психотроптук дарыларды өспүрүмдөр жана жаштар көп колдонорун эскертип келет.

"Ичинде баңгизат экенин билгенде, барбайт элем". Саматтын окуясы

Синтетикалык дарыны сатууга аралашкан 18 жаштагы Самат (аты өзгөртүлдү) 2022-жылы жаз айларында кармалган.

Кант шаардык соту студентти күнөөсүз деп тапкан, бирок, прокуратура чечимге каршы Чүй облустук сотуна даттанып, азыр Саматтын иши кайрадан каралууда. Анын айтымында, Телеграм аркылуу күнүмдүк жумуш таап, ал үчүн 600 сом алмак. Бул үчүн Бишкектен алган баштыкты Кантка жеткирип бериши керек болгон.

"Колледжде студентмин. Телеграмдагы "Работа Бишкек" деген тайпаны карап отуруп, курьердин жумушун сунуштагандарды таптым. Телеграмына жазсам, 600 сом төлөйбүз, "Гоин" соода борборунун жанынан баштыкты алып, Кантка алып келип бер дешти. Оюмда жаман нерсе болгон эмес. Кантка жетерим менен милиция кармап, баштыкты ачып, ичинен эки таблетка дары алып чыгышты да, ал синтетикалык баңгизат экенин айтышты. Камакта отурдум. Эгер мен эмне жеткирип баратканымды билгенде, мындай ишке барбайт элем. Мен бул тууралуу миң жолу ойлонуп, миң жолу өкүнгөм, өзүмдү жемелегем. Өзүм айылдан жаңы келген бала болсом, синтетикалык баңгизат жөнүндө түшүнүгүм да жок болчу".


Адвокат Акын Авазбековдун айтымында, баңгизатты жеткирүү, таратуу же сатууга айыпталып кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 282- жана 283-беренелерине ылайык 5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Айрым учурда айыпкерлер күнөөлүү деп табылгандан кийин кыймылсыз мүлкү да алынышы мүмкүн. Авазбеков дээрлик бардык учурларда баңгизатты айтылган жерине коюп кеткендер гана кармалып, бул кылмыштардын башында тургандар жоопкерчиликке тартылбай калып жатат дейт:

"Синтетикалык баңгизатты коюп кетүүгө (закладка) айыпталып кармалгандардын баары эле жаш улан-кыздар. Мисалы, азыр менин жактоомдо бир кыз бар. Бул ишке барган сайын тартылгандардын саны арбып баратат. Бир жерге бармактын башындай болгон нерсени коюп кетүүгө кеминде 200 сом төлөп беришет. Бул студент, мектеп окуучулары үчүн жакшы эле акча да, аларды мындай иш кызыктырат, тез азгырат. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, Кыргызстанга чоң көлөмдө киргизип, мындай дарыларды сатыкка чыгарып жаткандардын өзүлөрү кармалбай, жоопкерчиликке тартылбай калууда. Алар чет өлкөлөрдө отуруп алып интернет аркылуу иштешет".

Жаштар арасында мындай көрүнүштү токтотуп, калктын саламаттыгына кам көрүү максатында Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев "Жаштар арасында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир этүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз айлантууга каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө" токтом долбоорун демилгелеп чыккан. Токтом долбоорун 31-январда парламент колдоп берген.

Медер Алиев
Медер Алиев

"Интернет аркылуу кылмыштардын түрлөрү да көбөйдү, жаңы синтетикалык баңгизатты интернет дүкөндөр аркылуу жайылтуу абдан жеңил болуп калды. Бул маселеден улам жабыркаган ата-энелер абдан көп кайрылган, бул бизге көбүрөөк маалымат алууга жардам берди. Ошонун негизинде токтом долбоору иштелип чыкты. Ал тиешелүү министрликтерге тапшырма берет, жаштардын арасында бул маселеге кош көңүл болбой, контролго алуу, университет, мектептерде түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү түзүмү эмес, атайын агенттиги болсун деп жатабыз. Саламаттык сактоо министрлиги дарыканаларды көзөмөлдөп, жаш балдарга мээге күчтүү таасир этүүчү дарыларды сатпагыла деп жатабыз. Эгер сатса, катуу чаралар көрүлсүн дедик. Мындай иштердин негизинде ар бир министрлик Жогорку Кеңешке келип, ар бир үч ай сайын отчёт берип турушу керек", - дейт Алиев.

Көп жылдардан бери улам татаалдашып келе жаткан бул маселени мындай токтомдун жардамы менен канчалык деңгээлде чечүүгө болору белгисиз.

Бирок адистер калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кылмыш жоопкерчилиги оор бул иш менен алектенүүнүн кесепетин айтып туруу зарыл деп эсептешет.

Атайын мамлекеттик программа керек

Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова өлкө жетекчилиги тез арада мамлекеттик программа иштеп чыгып, синтетикалык баңгизаттарды сатуу жана колдонууга байланыштуу маселелерди колго алуусу кажет деп жатат. Ал өзү жетектеген уюмдун байкоолоруна таянып, маалыматтын жетишсиздигинен улам оңой акча табууга азгырылган өспүрүмдөр мындай иштерге барып жатканын белгиледи:

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

"Калктын көбүнүн социалдык абалы начар, көпчүлүк ата-энелер балдарына каалаганын бере албайт. Ошондуктан балдар өзүнүн ой жүгүртүүсүнүн деңгээлине жараша оңой акча таап, тез арада майда маселелерин чечип алууга шашат. Алар "тез байып кетүүнү" көздөгөнү менен, мунун артында кандай жоопкерчилик турганын аңдап, толук түшүнбөй жатат. Ошондуктан ата-энелер тынымсыз баласы менен байланышта болуп, анын кайда барып, ким менен дос болуп жатканын көзөмөлгө алуусу керек".

Бул макала жарандарды маңзатка азгыруу жана жайылтуу көйгөйүнө, баңгизаттын адам өмүрүнө, өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирерине коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. Кыргызстанда тыюу салынган психотроптук заттарды жарнамалоо ниети жок.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык (282-берене), баңгизат каражаттарын жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү оор кылмыш болуп саналат. Ал үчүн беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG