Кыргызстанда акыркы алты жылда интернет кызматтарынын акысы 60 пайызга арзандаган. Бирок дүйнөлүк желеге жетүү коңшу жана батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу дале болсо кымбат.
Кыргызстандагы жүздөгөн мектептер интернет эмес, компьютерлер менен толук камсыз болгон эмес.
Айрым партия лидерлеринин Орусияга сапарына байланыштуу президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.
Кыргыз бийлигинин өкүлү HRW эл аралык уюмунун июнь окуясы боюнча соттолуучуларга куугунтук күч алды деген билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт.
Жакында эле түзүлгөн "Республика" партиясы парламенттик шайлоодо суурулуп чыгып, эми коалиция түзүүдө чечүүчү ролду ойноп турат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы аны шайлоодо БШК беш пайыздык чектен атайы өткөзпөй койду деп каршылык акцияларына чыгып, добуштарды кайра саноону талап кылууда.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча беш партия Жогорку Кеңешке кирем деп турса, алардын катарына дагы бир партия жакындоодо.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү аяктоо алдында. БШК Бишкекте эртелеп добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар да катталганын билдирди.
Үстүбүздөгү аптада алтындын баасы дүйнөлүк базарда жаңы рекорддук чектерди багындырып, бир уницийи 1350 доллардан ашып, кайра бир аз төмөндөдү.
Интернеттеги Twitter, FaceBook өңдүү социалдык тармактар Кыргызстанда да кеңири жайылууда. Бирок алардын кесепети бар деп күмөндөнгөндөр да бар.
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мэри Бекешова шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда айрым массалык маалымат каражаттарында мыйзамга ылайык келбеген учурлар болуп жатканын билдирди.
Азия Өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Каржы министрлигинин ортосунда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишим жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын жоюудагы аракеттер туурасында каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.
Айрым өлкөлөр өздөрүнө ыктаган Кыргызстандагы партиялар менен мамиле түзгөнгө кызыкдар болуп жатканын саясат талдоочу Уран Ботобеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова калың элди азыр шайлоонун коопсуздугу ойлондуруп жатканын айтат.
Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү күч алып, партиялар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртабыз деген убадаларын кабаттап берип жаткан учур.
Кыш жакындап келе жатканы менен Бишкектин чет жакасындагы айрым конуштарда даярдык жокко эсе. Кээ бир тургундардын кыш үчүн көмүр алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, айрымдары кышты электр жарыгысыз тосуу коркунучунда.
Нарын өрөөнүндө жааган кардан улам айрым аймактарда тургундар жарыксыз калып, мал зыянга кабылууда. Жайлоодогу чабандар жакага көчүп келүү үчүн күйүүчү майга, малдар тоютка муктаж. Нарындын тоолуу аймактарына бир метрден ашык кар түшкөн.
Апрель жана июнь окуялары өлкөнүн экономикасын, өзгөчө тигүү тармагына терс таасирин тийгизгенине карабастан, 2010-жылы Кыргызстанда тигилген кийимдердин көлөмү өсүп, экспорт көбөйгөн.
Базар-Коргон райсоту 13-июндагы кандуу окуя боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Акыйкатчы Турсунбек Акун ага мындай жаза чектөөгө негиз жок деп эсептейт.
Интернет баракчасында кыска билдирүүлөрдү жазып, маалымат алмашууну мүмкүн кылган Твиттердин (Twitter) Кыргызстандагы колдонуучулары көбөйүп, айрым маалыматтар боюнча 3 миңге чукулдап калды.
Дагы жүктөңүз