Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү аяктоодо


Кыргызстандагы шайлоо түйүндөрүндө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү аяктоо алдында. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда Бишкектин аймагында биринчи мыйзам бузуулар катталды.

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар айдын башынан бери алдын ала добуш берип келатышат. Алар добуш берүү үчүн жалпысынан 2289 шайлоо түйүнүн пайдаланышты. Айрым байкоочулардын маалыматтары боюнча бул жолу көбүнесе алдын ала добуш бергендер шайлоо күнү иштейт турган тартип коргоо кызматкерлери, ар кандай себептер менен өлкө аймагынан чыгып кетип жаткандар болушту. Жалпы эсептеги 2 миллион 800 миңден ашык шайлоочунун канчасы алдын ала добуш бергени жергиликтүү шайлоо түйүндөрүндө ушу тапта такталып жатат.

Жеңиш Акматов
- Буга чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүүчүлөр бюллетендер сакталган райондук, шаардык шайлоо комиссияларында добушун берсе, бүгүн алар участкалык шайлоо комиссияларында өздөрүнүн добуштарын берүү укугуна ээ болду. Себеп дегенде кечээ бүгүн учаскалык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн участкаларына бюллетендерин алып кетишкен. Ошону менен бүгүн токтойт. Эртең жалпы массалык добуш берүүгө катышат,
-деп түшүндүрдү Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов.

БШКнын маалыматы боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн 8-октябрдагы жүрүшүндө Бишкек шаарында мыйзам бузуулар катталды. БШКнын дагы бир мүчөсү Абдымомун Мамараимов белгилегендей, Бишкектин Свердлов райондук шайлоо түйүнүндө Ички иштер министирлигинин Академиясынын 500гө жакын курсанттары добуш беришип, анын жүрүшү бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгон. Натыйжада алдын ала добуш берген курсанттардын добуштары жокко чыгарылуу алдында:

Абдымомун Мамараимов
- Биринчиден баягы курсанттар эч бир шайлоо участкасынын тизмесине киргизилген эмес. Бул биринчи мыйзам бузуу болуп жатат. Негизи кайсы участкалык комиссиянын аймагында жайгашкан болсо, ошол жерден алар тизмеге киргизилиши керек болчу. Алар тизмеге киргизилген эмес. Экинчиден, райондук комиссияга келип алып туруп булар кызмат күбөлүгү менен добуш берип жатышат. Үчүнчүдөн кээ бир партия өкүлдөрү кирип байкоо жүргүзөлү дешсе аларды киргизбей коюшкан. Түзүк эле, бир топ мыйзам бузулаар болуп кеткен.


Натыйжада бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, бул иш эң кыска мөөнөттө - үч күндүн ичинде каралары күтүлүүдө. Айрым бейөкмөт уюмдардын узак мөөнөттөгү байкоочулары болсо парламенттик шайлоого алдын ала добуш бергендердин саны буга чейинки референдумга салыштырмалуу бир кыйла аз болгонун билдиришүүдө. Бишкектин айрым шайлоо бекеттеринде мөөнөтүнөн мурда добуш бергендер катталбаган учурлар да бар. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн байкоого алган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын шайлоо координатору Медер Талканчиевдин айтымында Свердлов районундагы окуяны эске албаганда башка жакта мөөнөтүнөн мурда добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар катталган эмес:

- Эми жер-жерлерден келип жаткан маалыматтар боюнча алдын ала добуш берем дегендердин саны анча деле көп эмес болуп жатат. Ошондуктан биздин байкоочулар барып, байкоо жүргүзүп сураштырган кездерде андай деле массалык түрүндө административдик күчтү колдонуп, шайлоо комиссияларына айдап келип, шайлатып жаткан кездер катталган жок. Эми бул Свердлов району боюнча аныктала элек, анын жыйынтыгы чыга элек.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоо кодексине ылайык добуш күнүнөн 9-1 күн мурда өткөрүлөт. Шайлоо күнү добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандар атайын арыз менен өзү катталган шайлоо түйүнүндө добуш бере алат. Алдын ала берилген добуштар атайын конвертке салынып, атайын мөөр менен корголот жана бул добуштар шайлоо бүткөндөн кийин гана ачылат.

XS
SM
MD
LG