Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ош жана Жалал-Абад облустарында мечиттердин жетекчилерин алмаштырууну көздөп жатат.
1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда бул дартка кабылгандардын саны акыркы он жылда 25 пайызга өскөн.
КСДП коалиция курамы дүйшөмбү күнү билдирилээрин айтканы менен парламенттик коалиция түзүү маселеси али арсар бойдон калууда.
Кыргызстандын маалымат технологиялары миллиардаган доллар кирешелерди алып келип, өлкөнү каатчылыктан алып чыгышы мүмкүн.
КСДП депутаты Чыныбай Турсунбеков парламентте көпчүлүктү түзгөн коалиция куруу аракеттери жыйынтыктоочу баскычка келгенин билдирүүдө.
КТРК жетекчисин тандоо сынагы 30-ноябрь жана 1-декабрда өтүп, жеңүүчүнүн ысмы 3-декабрдан кеч калбай жарыяланат.
Кыргызстанда дүйнөлүк желе аркылуу буюмдарды сатыкка коюп, соода кылган интернет-дүкөндөр пайда болууда. Деген менен жаңы келип жаткан бул көрүнүшкө ишеним артып, интернетте буюмду сатып алгандардын саны дале чектелүү.
Кыргызстанда рак ооруларына кабылгандардын саны өсүп, азыркы тапта 25 миң адамга жетти.
Кыргызстандык бир катар жаш адистер компьютердик программаларды кыргызчага которууга бел байлап, андай программаларды интернет аркылуу акысыз таркатып келишет.
20-ноябрь - Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны 2 миллион 170 миңге жакын болсо, алардын жарымынан көбү жакыр үй-бүлөдө жашайт.
Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү 22-ноябрга калтырылды. Ага жактоочулар коопсуздук сакталбаганын айтып, сотко келбей коюушу себеп болду.
7-апрелде курман болгондордун жакындарына жана ыңкылапка катышкандарга “Апрель элдик революциясынын баатырлары” төш белгиси тапшырылды.
Кылмыш-Жаза кодексиндеги “жалган жалаа жана ар-намыска шек келтирүү” боюнча беренелерди Конституцияга шайкеш кылып оңдоо демилгеси көтөрүлдү.
Уюлдук байланыш аркылуу ылдам жана сапаттуу интернет сунуштаган 3G форматынын Кыргызстанга келиши менен телефон аркылуу интернет колдонгондордун саны көбөйөрү күтүлүүдө.
Кыргызстанда жаш окумуштуулар алдыңкы изилдөөлөрдү жүргүзүп, ойлоп табууларды жасоого күчү жетет.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу 4 партиянын арыздары 5-ноябрда сотто каралып, териштирүүлөр “Бүтүн Кыргызстандын” пикети менен коштолду.
Парламенттик шайлоо боюнча соттук териштирүүлөргө байланыштуу Жогорку Кеңештин иши кечеңдеп, алгачкы отуруму кийинки аптага калтырылды.
Биринчи май райсотунда шайлоо жыйынтыктарына нааразы болгон тараптардын арыздары боюнча алгачкы соттук териштирүүлөр болду.
Кыргызстандан чет жактагы айрым шайлоо бекеттеринде добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылганына байланыштуу бир катар өлкөлөрдөгү кыргыз элчиликтери жана консулдуктары тынчсызданууларын билдиришүүдө.
Кыргызстандагы жакыр үй-бүлөлөр сапаттуу тамактанбагандыктан, адамдарга витамин жетишпей, ар кандай ооруларга чалдыгып жатышат
Дагы жүктөңүз