Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргызстан “Борбор Азиядагы Жапония” боло алабы?


Президент Роза Отунбаева Маалымат технологияларынын биринчи форумунда, 26-ноябрь.
Президент Роза Отунбаева Маалымат технологияларынын биринчи форумунда, 26-ноябрь.

Кыргызстандын маалымат технологиялары миллиардаган доллар кирешелерди алып келип, өлкөнү каатчылыктан алып чыгышы мүмкүн.

Бирок жергиликтүү программисттердин көбү көмүскө иштегендиктен алар жасаган программалар каны жерге түшө электе АКШ, Европага алынып кетүүдө. Өлкөдөгү маалымат технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү 26-ноябрда Бишкекте өткөн Маалымат технологияларынын биринчи форумунда талкууга алынды.


Жөндөмдүү программисттер көп

Бишкектик программист Константин Золотарев жеке компанияда веб-сайттарды, компьютердик майда программаларды түзүп келет. Ал өзү жасап чыккан компьютердик программаларды форумда көрсөтүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду:
Бишкектеги IT форум, 26-ноябрь.

- Бизде мүмкүнчүлүктөр бар. Жетиштүү деңгээлде билими бар адистер көп. Алардын даярдыктары да жакшы. Болгону биздин өлкө программисттерди анчалык баалай албай жатат. Мисалы чет өлкөлүк кардарлар биздин билим үчүн бул жердеги кардарларга караганда көбүрөөк акча төлөөгө даяр. Менимче, буга чейин сөз берилип келген жаңы технологиялардын паркы эртерээк түзүлсө программисттер үчүн абдан сонун болмок.

Кыргызстанда Константин өңдүү программисттер бир кыйла. Алардын чет өлкөдөгүдөй эле программаларды даярдап чыгууга күчү жетет. Компьютерлер жасалбаса дагы, компьютердин ичиндеги программалардын түрлөрү, веб-сайттар даярдалып келет. Мындан улам бул тармакты өнүктүрүү менен өлкөнү ирдентип, маалымат технологиялары аркылуу Кыргызстанды “Борбор Азиядагы Жапонияга” айлантуу толук мүмкүн экендигин белгилеген адистер болду.

Алардын бири Программаларды жасоочулардын ассоцияциясынын жетекчиси Азис Абакировдун айтымында, Кыргызстанда маалымат технологияларынын паркы түзүлсө, 2030-жылга чейин 4 миллиард доллар киреше табууга болот. Натыйжада учурдагы өлкөнүн бюджетин эске алганда, маалымат технологиялары менен каатчылыктан кутулуу мүмкүн:

- Жогорку технологиялар паркы жөн гана даңкты каалаган адамга керек эмес. Кээ бирлер “кыргыздар силерде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк жок, мунай жана газ жок, анан кантип өнүгөсүңөр деп айтып келишет. Бизде деңиз жок болсо интернет деген океан бар. Бизде мунай жана газ жок болсо дагы уникалдуу эл жана уникалдуу технологиялар бар.


IT компаниялар көмүскө иштеп жатабы?


Учурда Кыргызстанда ачык иштеген компьютердик программаларды түзүү менен алектенген 30 чамалуу компания бар. Бул компаниялар бир жыл ичинде 10 миллион долларга жакын акча каражатын айлантат.
Президент Роза Отунбаева биринчи IT форумда, 26-ноябрь.

Анткен менен Маалымат технологияларынын форумунда сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева бул тармак тигүү тармагы өңдүү өз алдынча өнүгүп жатканы менен көмүскөдө иштегендердин көп болгонуна басым жасады:

- Кыргызстандык программа жасап чыгуучу компаниялар чет өлкөлүк ири ишканалар менен мамиле түзүп алышты. Программисттер америкалык, жапониялык жана европалык базарды өздөштүрдү. Жалпы алганда кыргызстандык софт дүйнөлүк базарда суроо-талапка ээ болууда. Бул тармактын өнүгүп жатканына карабастан ал көмүскөдө калып жатат.

Компьютердик программаларды, веб-сайттарды жасап, чет өлкөлөргө саткан компаниялар салыктын көптүгүнөн качып жаткан экен. Мисалы программисттер 300 доллардан 1500 долларга чейин айлык акы алышса, айлык акы канчалык көп болгон сайын көбүрөөк салык төлөөгө мажбур болушууда.

Мындан улам IT форумдун уюштуруучуларынын бири, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондусунун жетекчиси Татту Мамбеталиева салык саясатын жөнгө салуу демилгесин көтөрдү:

- Алар чет өлкөлүк компанияларга иштегендиктен Кыргызстандын компаниялары деген ат жок да. Анткени бизде салыктар көп экен, мындан улам биздин программисттердин айлык акысы ылдыйлап калып, мыйзамсыз иштегенге өтүшөт экен. Андыктан программисттердин адистигине карата салык мыйзамы ылайыктуу кылып чечилсе, инвестициянын баары жана салыктар Кыргызстанда калат эле.

Кыргызстанда табигый ресуртар болбосо дагы акыл эмгегин колдонуп, маалымат технологиялары менен өнүктүрүүгө ишенген программисттер бул тармакты өнүктүрүү үчүн “Жогорку технологиялар паркы” керек дешти. Форумдун бир катар катышуучулары малымат технологиялары багытында иш алып барган компаниялар үчүн салыкты жеңилдетүү сунушу менен бийликке билдирүү жасашты.
XS
SM
MD
LG