“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
“Арай көз чарай” талкуусунда чакан насыя чын эле турмушту оңдоого өбөлгө болуудабы деген суроо ортого салынды. Талкууга “Бай түшүм” микрокредиттик компаниянын кызматкери Кубанычбек Бакиров жана эксперт Максат Королуев катышты.
“Арай көз чарай” талкуусу милициянын реформасына арналды. Милициянын коомдогу ордун, айлык акысын, макамын жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек?
Мектептердеги кенже класстардын балдарына берилчү тамак үчүн өкмөттөн ар бир балага 7 сомдон бөлүнөт. Балдарга бекер тамак же токоч менен чай берүү өзүн канчалык актайт? “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда бойго жетелек кезинде кыз баланы күйөөгө берүү көрүнүшү талкууга алынды.
Быйыл мигранттардан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 68 млрд. сом каражат түшкөн. Ал максаттуу жумшалып жатабы?
“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу сөөк узатуу жөрөлгөсүнө арналды.
Дыйкандар быйыл түшүм аз болгонун айтышууда. Баткенде 1 гектар жерден 15-18 центнерден буудай алынса, Жалал-Абадда бул көрсөткүч 10 центнерге чейин төмөндөп кеткен.
Сауд Аравиясындагы кыргыз элчиси Жусупбек Шарипов Бишкекте элчилик ачылышы Кыргызстанга араб дүйнөсүнөн ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт.
Стамбулдагы дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары бир да олжо алган жок, бул деген Лондон олимпиадасына дээрлик жолдомо албай калды дегендик.
Жол кыймылынын коопсуздугу, жол кырсыктарынан балдардын жабыркап жатканы, анын кесепеттери "Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды.
30-октябрда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, коопсуздукту камсыздоодо өкмөттүн аракети, жарандык коомдун көзөмөлү “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда ортого салынды.
Кыргызстанда пикет-митингдерди цивилдүү жол менен, бири-бирин угуу, сабырдуулук кылуу маанайында өткөрүүгө мезгил келип жеттиби? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.
Кыргызстандагы жаңгак токойлоруна эл аралык коомчулук көңүл бөлүп, сактап калуу чараларын сунуштап жаткан учурда мамлекет да буга катуу киришүүсү керек деген пикирин Жалал-Абаддан журналист, серепчи Жалил Сапаров “Азаттыкка” билдирди.
Өткөн жылы апрель-июнь окуяларынан кийин дээрлик токтоп калган кыргыз-өзбек мамилеси президенттик шайлоодон кийин кайрадан жанданууга киришет. Бул маселе боюнча “Азаттыкка” “Антикризис” борборунун башчысы, саясат талдоочу Эркин Абдыразаков маек курду.
Шайлоо алдындагы кол чогултуу иштерде добуштарды бөлүүгө кызыкдар атайын топтор иш алып барып жатканын “кол чогулта алган жок” деген себеп менен президенттик жарыштан четтетилген 34 адамдын бири Акылбек Сариев маалымдады.
ИИМдин терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн адиси Эмил Жээнбеков “Азаттыкка” маек курду.
Эки күндөн кийин Нью-Йорктогу террордук чабуулга туура 10 жыл болот. Дүйнө коомчулугунун үшүн алган бул окуяда 80 мамлекеттин 3 миңге жакын атуулу курман болгон.
7-сентябрда “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер кыргыз өкмөт башчысы менен болгон жолугушуусунда Орусия Кыргызстандан газ жана мунай чалгындоо иштерине 3 млрд. рубль жумшоого даяр экенин билдирди.
8-сентябрь - Журналисттердин тилектештигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев өлкөдөгү журналисттер тилектештигинин, сөз эркиндигинин абалы тууралуу кеп салып берди.
Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Абдырасулов 20-июлдагы жер титирөөдөн кийинки ооруканалардагы абал, наристелердин өлүмүнө алып келчү илдеттер тууралуу суроолорго жооп берди.
Дагы жүктөңүз